Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:48

Франциянын өкмөтү өлкөдөгү мусулман жамааттарына эскертүү жасады


Франциянын бийлиги өлкөдөгү мусулман коомчулугун жана мусулман уюмдарын мектептерде жоолук салынууга тыйуу салынган тартип бузулбасын деп эскертишти. Мындай эскертүү Франциядагы эки ислам уюму мектепке киргизилбей койгон жоолук салынган мусулман кыздарынын укуктарын коргоого жардам көрсөтөөрү жөнүндө билдирүү жасагандыгына байланыштуу болду.
Франциянын парламенти ушул жылдын март айында мектептерде мусулман кыздарына жоолук салынууга тыйуу салган. Мындай кадам өлкөдөгү мусулман жамаатынын чоң нааразычылыгын пайда кылган болчу. Францияда Европадагы эң ири мусулмандар жамааты жашайт. Алардын саны 5 миллионго жакын.

XS
SM
MD
LG