Бүгүн Ирактагы экстремисттик топ июнь айында барымтага алынган америкалык деңиз жоокери коопсуз жерге которулду деген маалыматты таратты. "Ал-Жазира" телеканалынан кабарлангандай барымтада отурган ливандык атуул Васеф Али Хассун согушчандарга американын куралдуу күчтөрүнүн катарынын чыга тургандыгын убада кылган. Ишембиде өзүн “Ансар-ас-Суна” деп атаган экстремисттик топ америкалык жоокер өлтүрүлдү деген маалыматты исламчыл интернет баракчаларына жайгаштырып, ошол эле күнү аны кайрадан төгүнгө чыгарган.
Ирактагы согушчандар тобу барымтага алынган АКШлык жоокер жөнүндө жаңы маалыматтарды таратты