Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

ОППОЗИЦИЯДА ЫНТЫМАК БАРБЫ?


Эмдиги жылдагы эки шайлоонун тымызын даярдыгы парламент жайкы каникулга тараган соң кыйла жанданды. Эл менен жолугушуулар, демдүү саясий билдирүүлөрдүн күнү тууду. Өкмөткө жан тарткан маалымдоо каражаттарында бийлик каршылаштарынын ичара ымаласынын жоктугу, коштоп шайлоо биримдигин түзүп, эмитен дымак көрсөтө баштагандыгы сынга алынууда. Экинчи тарап мындай кинени четке кагып, түпкү максат, аракет бир экендигин айтууга өттү.

Азыркы бийликтин каршылаштары Аксы окуясынан кийин президент Акаевди кызматтан кетирүү кыймылын түзүшкөн. Жүрө-жүрө ал кыймыл «Эл бийлиги үчүн» шайлоо биримдигине көчтү. Жаңы түзүмгө кошулган «Кайран эл» партиясынын жетекчилеринин бири депутат Дооронбек Садырбаев оппозициялык күчтөр бөлүндү-чачынды болуп атканы азыркы бийлик билермандары тараткан түкшүмөл кеп деген пикирде:

- Бул Акүй идеологдорунун сөз таппай калгандагы айтканы деп ойлойм. Оппозициялык маанайдагы партиялардын, көрүнүктүү саясий ишмерлердин ортосунда бөлүнүү-жарылуу деген болгон жок.

«Республикачылар» партиясынын төрагасы Гияз Токомбаев оппозициялык күчтөр ичара бөлүнгөн эмес, алар президенттик шайлоонун экинчи айлампасында бир талапкерди колдой турганына ишенет:

- Келе жаткан президенттик шайлоого талапкер катары К.Бакиевден башка эч кандай сунуш түшкөн жок. Эгер шайлоого А.Акаев катышпаса анын экинчи айлампасы болот. Ошол экинчи айлампага оппозиция бир өкүлдү чыгарат.

«Адилет шайлоо үчүн» саясий биримдигинин түзүлүшүн байкоочулар А.Мадумаров, Ө.Текебаев, М.Ашыркулов, А.Атамбаев төртилтиги менен байланыштырышат. Конституция кезектеги жаңылоону башынан кечирип, референдумдун аягы сууй электе «Алга, Кыргызстан!» партиясы парламенттик шайлоого партиялык тизмени киргизүү демилгесин көтөрүп чыкпадыбы. Аны депутат Адахан Мадумаров момундайча сыпаттаган:

- Эми жанагы «Алга, Кыргызстан!» деген партия түзүлгөндөн кийин - арткабы, алгабы? – кыймыл-аракеттин кайсы тараптан келатканын көрүп атабыз. Анан ошол жерге абдан көп депутаттар кол коюп бериптир. Мен шамал кайсы жактан согуп атканын тизмесин көрүп эле байкадым.

«Адилет шайлоо үчүн» саясий биримдигине кирген Социал-демократиялык партиянын жетекчиси Алмаз Атамбаев шайлоо даярдыгын оппозиция күчөткөн жок деген пикирде:

- Шайлоо өнөктүгүн оппозиция баштаган жок. Көрүп атабыз, мына жер-жерлерде өткөн жылдын аягында эле башталган. "Аскар Акаевич дагы беш жылга калсын, он жылга калсын", деген кайрылуулар кабыл алынып атат. Чалдар чогулуп баштап атпайбы. Ал киши да жумшак киши. Эл мени чын эле калсын деп каалап атабы деп жан-жөкөрлөрүнүн айткан-дегенине ишенбеси үчүн оппозиция айла жок баштап атат.

Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова парламенттин Эл өкүлдөр жыйынында президент А.Акаевдин кийинки шайлоого катышуу маселесин карап чыга тургандыгын айткандан бери кайрадан саясий түкшүмөлдөр арбын айтыла баштады.

- Мына азыр 7 талапкер өзүлөрүн көргөзүптүр. Алардын арасынан азырынча жарактуусу Курманбек Бакиев экен. Күзүндө биздин кошмо курултайыбыз болот. Ошондо дагы талапкерлер чыгышы мүмкүн. Аскар Акаев дагы чыга турган болсо шайланышы мыйзамсыз болуп калбасын деп А.Акаевге кожокөрсүнгө атаандаш болуп өткөндөгүдөй болуп Турсунбек Акун чыгышы мүмкүн же Турсунбай Бакир уулу чыгышы ыктымал, - дейт депутат Дооронбек Садырбаев.

Адилет шайлоо, эл бийлиги үчүн түзүлгөн эки биримдиктин аракет-кыймылы азырынча саясий билдирүү, тигил же бул кайсы бир окуяга баа берүү менен чектелүүдө. А.Акаев чындап эле кезектеги президенттик шайлоого талапкерлигин алып чыкпаса чоң орунду ээлөөгө ынтызар 7 талапкердин катары дагы көбөйүшү турган иш.

XS
SM
MD
LG