Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

Таластын жаза өтөө жайларында адам укуктары одоно бузулууда


ТАЛАС. Карабуура районундагы Маймак поселогундагы №29 эмгек түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан жана белгилүү себептерге байланыштуу атын атабоону өтүнгөн адамдын билдиргенине караганда, бул жерде айыпкерлерге өтө адамкерчиликсиз мамиле жасалат. Мекемеде бир жылдан бери электр энергиясы жок, санитардык абал өтө начар, медициналык тейлөө уюштурулбайт. Акча берген айыпкерлер келишим боюнча иштегенге бошонуп кетишет, акча бере албаган 19 айыпкер колониянын көмөкчү чарбасында, мекеменин кызматкерлеринин жерин иштетип күн өткөрүшүүдө. Ооруга чалдыккандар дарыланууга жиберилбейт, ал эми пара бергендер гана дарыланууга мүмкүнчүлүк алат. 1998-жылдан бери жазасын өтөп аяктап калган бул адамдын билдиргенине караганда, Кыргызстандын башка жаза өтөө мекемелеринде деле абал ушундай.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG