Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Балдардын өлүмүнө күнөөлүүлөргө өлүм жазасы берилди


ЖАЛАЛАБАД. Айыпталуучулар Робиев Абдрахман менен Ибрагимов Рахманды облустук сот өлүм жазасына кести. 75 жаштагы Атахунов Кимсанды 20 жылга, Саидахмат Жумабаевди 15 жылга эркинен ажыратты. Алар уурдалган балдарды өлтүрүп, алардын ата-энесинен ири өлчөмдө акча талап кылган деп айыпталышты. Соттолгондор менен алардын жактоочулары тергөө бир жактуу жүргөндүгүн жана туура эмес өкүм чыгарылганын белгилешти.

Мурда маалымдалгандай, өлтүргөндөр балдардын ата-энесинен 10 миң доллар сураган. Эки бала былтыр 9-июнда жоголгон, алардын капка салынган сөөктөрү август айында талаадан табылган.

XS
SM
MD
LG