Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Баткенде басмаканалар эскирди


БАТКЕН. Облустук «Баткен таңы» гезитинин башкы редактору Адылбек Акматовдон 6-июлда алынган маалыматка караганда, облус аймагындагы басмаканалардын дээрлик бардыгынын жабдуулары эскирип, азыркы талапка жооп бербей калды. Анын үстүнө керектүү шаймандар да жетишсиз. Ушундан улам облустагы гезиттердин бардыгы бир канча эсе кымбат түшкөнүнө карабай башка жактардан басылууда. Маселен, Лейлек райондук жана Сүлүктү шаардык гезиттери Тажикстандын кошуналаш Согдий облусундагы, ал эми Баткен, Кадамжай райондорунун жана Кызылкыя шаарынын гезиттери Ош шаарындагы басмаканалардан басылууда. Облустук «Баткен таңы» гезити болсо жолдун алыстыгына карабай Бишкек шаарындагы басмаканалардын кызматынан пайдаланууда. Ал эми облус борборунда офсеттик ыкмадагы жаңы басмакана ачуу маселеси ушул күнгө дейре чечилбей келет.

XS
SM
MD
LG