Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:10

Террорчу деп айыпталгандардын соту уланууда


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаардык соту Ганси авиабазасын жардырууга камданышкан деген шек менен кармалып, райондук сот тарабынан кесилген төрт адамдын (кыргызстандык үч, казакстандык бир атуулдун) апелляциялык арызын кароону улантты. Буга чейинки сот жараянында айыпталуучулар менен алардын адвокаттарынын судья Орозбек Чымбаев төрагалык кылган сот коллегиясына ишеним көрсөтпөйбүз, башка сот коллегиясы карасын деген өтүнүчү канааттандырылбай, ишти мурдагы эле топ карады. Буга нааразы болгон айыпкерлер сотто көрсөтмө бербей тургандыктарын билдиришти. Сот коллегиясынын өкүлдөрү ага карабастан ишти кароону улантып, ага мыйзам жол берерин жарыя кылышты.
Ал эми Казакстандын атуулу Акролкожо Абдубалиевди коргоп жаткан адвокат Бабырбек Жээнбеков айыпкерлерди тергөө маалында аларды Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү сабагандыгын билдирип, соттон мына ошол видеотасманы Улуттук коопсуздук кызматынан алып келип көрсөтүүнү талап кылды. Сот коллегиясы адвокаттын мындай өтүнүчүнө бул күнү жооп берген жок. Процесс дүйшөмбү күнү улантылат.
Ганси авибазасын жардырууга камданышкан деген шек менен төрт адам өткөн жылдын күзүндө кармалышкан жана аларга Бишкектин Ленин райондук соту 10 жылдан 13 жылга чейинки түрмө жазасын берген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG