Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:53

Кыргызстанда аскерий машыгуу өтөт


БИШКЕК. Август айынын башында Кыргызстандын аймагында Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөрдүн «Чек-2004» аттуу тактикалык аскерий машыгуусу өткөрүлөт. Бул тууралуу коргоо министри Эсен Топоев бүгүн билдирди. Анын айтымында, машыгуунун планы өткөн айда Астанадагы саммитте президенттер тарабынан бекитилген. Ага ылайык машыгуунун алгачкы этабы 25-июлда Казакстан аймагында башталып, андан кийин 6-августа Кыргызстанда улантылат. Бул аскерий иш чарага Россиянын Кантта жайгашкан аскерий базасынын учактары да катышмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG