Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Индонезияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт


Индонезияда алгачкы тикелей президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлмөй болду. Алдын ала санактар көрсөткөндөй, мурдагы генерал Сусилио Бамбаң Йодхьоно добуштардын дээрлик 33 пайызын алып, атаандаштарынан озуп чыкты. Бирок биринчи эле турда жеңүүчү деп таанылыш үчүн добуштардын кеминде 50 пайызын чогултуш керек болчу. Экинчи орунда азыркы мамлекет башчы Мегавати Сукарнопутри жана үчүнчү орунда - дагы бир экс-генерал Виранто келатат. Добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы 10 күндөн кийин чыгарылмакчы.
Йодхьоно бүгүн журналисттерге:

- Менин атаандашым ким болбосун, экинчи турга барууга даярмын. Виранто менен Мегаватинин экөөнүн тең күчтүү жана начар жактары бар. Мен экинчи айлампада күрөшүү үчүн даяр болушум керек, - деп билдирди.

Буга чейин дүйнөнүн эң ири мусулман өлкөсүндө президент парламент тарабынан шайланчу.

XS
SM
MD
LG