Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Иракта кагылышуулар уланууда


Кечээ бул жерде америкалык 3 жоокер окко учту. Кошмо Штаттардын аскерий өкүлдөрү маалымдагандай деңиз жоокерлери коопсуздук операциясын өткөрүп жатканда набыт болушкан.
Фаллужада болсо АКШ армиясынын аба чабуулу маалында кеминде 10 киши жан таслим болду. Чабуул Абу Мусаб аз-Заркави менен байланышы бардыгы жоромолдонгон жоочулардын тобун жок кылуу максатында жүргүзүлгөн. Согушкерлер жөнүндөгү чалгындоо маалыматын америкалык аскерлерге Ирактын убактылуу өкмөтү берген.
Ошол эле дүйшөмбү күнү ирактык бир жаш бала АКШлык аскерлер тарабынан атып өлтүрүлдү, экинчиси жарадар болду. Балдардын атасы айдап бараткан автомашина текшерүү пунктунда токтобой койгондо, аскерлер машинаны көздөй ок ачкан.

XS
SM
MD
LG