Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:31

АДАМ САТУУГА КАРШЫ КҮРӨШТҮН ООШ-КЫЙЫШТАРЫ


Бурулкан Сарыгулова, Прага «Коом жана турмуш» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында адам сатуу жана ага каршы күрөштүн оош-кыйыштары талданат.

Саламатсыздарбы кадырлуу угармандар, микрофондо - мен Бурулкан Турдубек кызы.
«Коом жана турмуш» түрмөгүндө бүгүн сиздерге ишкердиктин кылмыштуу түрү саналган адам сатуу, ага каршы күрөштүн оош-кыйыштары талданмакчы. Маселени Бүбүкан Досалиева, Замира Кожобаева жана Шайырбек Эркин уулу биргелешип иликтедик.

Жакында АКШнын мамлекеттик департаменти адам сатууга каршы күрөштүн жагдайын таразалаган жылдык отчетун жарыялары күтүлүп жатат. Өткөн жылкы отчетто Кыргызстан кылмыштын бул өңүтүнө жетиштүү көңүл бурбай жаткан өлкөлөрдүн катарына кошулган. Бул үч тепкичтүү баанын ортоңку баскычына дал келет.

Ал эми миграция боюнча эл аралык уюм Кыргызстанды адам сатууга каршы күрөштө региондогу аракети күч өлкө катары санайт. Муну адам сатууга каршы күрөшкө жол ачкан бир катар мыйзамдардын кабыл алынышы, мыйзамсыз ташуу жана адам соодалоого каршы улуттук кеңештин түзүлүшү менен негиздейт.

Адам сатууга каршы күрөштүн иш жүзүндө жагдайы кандай? Проблеманын өзөгү эмнеде? Биздин бул сурообузга Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Токтокан Боронбаева жооп берди:

- Бул проблеманын өзөгү – кылмыш. Бирок, тилекке каршы биз ошону моюнга алгыбыз келбей атат. Биздин жарандар жумуш издеп чет элге кетип атышат. Анан бул жердеги кимдир-бирөөлөр ортомчу болуп, арзан күч катары аларды сатып жибергендер бар. Бул боюнча сот иштери да козголуп атпайбы. Өткөн жылы биз бул боюнча мыйзам кабыл алганбыз. Тилекке каршы, ал мыйзам аткарылбай атат.

- Эмне себептен иштебей атат?

- Эми бул жерде биринчиден, адам соодалоого дуушар болгон кишилер дагы өздөрүнүн соодаланып жаткандыгын түшүнүшпөйт. Экинчиден, укук коргоо органдарына кайрылышпайт, кайрылууну билишпейт. Кээ бири намысташынса, кээ биринин мүмкүнчүлүгу болбой калып атат. Чет элге кетип, жылдап калып кетип атышат. Ал жанагы ортомчу болуп, алып барган жарандар бул жерде жүрүшөт. Башка мамлекеттин мыйзамдары буларды карашпайт да. Анан бул жерде биртоп туристтерди жөнөтүүчү фирмалар бар эмеспи. Булар менен да чогуу иш болбой атат. Анан дагы көпчүлүк уюмда мамлекеттик ишканалар бул жумушту өкмөттүк эмес уюмдарга тапшырып коюп атышат да. Өкмөттүк эмес уюмдар эл аралык уюмдар менен бирдикте абдан жакшы иштеп атышат. Бирок мамлекеттик уюмдар да бүгүнкү күндө ошолордун деңгээлинде иш алып барганда, анда менимче, бул маселени биртоп жеңилдеткенге болот эле.

Бул депутат Токтокан Боромбаеванын пикири болду.

Адам сатууга каршы күрөш боюнча улуттук комиссиянын маалыматына караганда, 2000-жылдан бери адам сатуу фактысы боюнча 65 кылмыш иши козголду. Ушул ишке аралашкандыгынан шектелген ондогон фирмалар ишин токтотушту.
Бирок көз карандысыз байкоочулар козголгон иштин көпчүлүгү далилденбей, жабылып калып жатканын белгилешет. Өкмөт болсо бул өксүктү жоюу үчүн адам соодалоого каршы күрөш боюнча өзүнчө мыйзам кабыл алуу зарылдыгын белгилешет.

Анткен менен иштеп жаткан мыйзамдын чегинде жылына бирин-экин гана кылмыш сотко жетүүдө. Алардын бири кара күч сатууга далдалчылык кылган кызылкыялык аялга байланышкан сот болду. Далдалчылык кылды деген айыптын негизинде шаардык сот жергиликтүү тургунду беш жылга эркинен ажыратты. Кепти Баткендеги кабарчыбыз Шайырбек Эркин уулу улап, жалпы эле Баткен аймагындагы жагдайга кайрылат:

Шайырбек Эркин уулу:

- Баткен облусунун прокурору Токтогул Чекеевдин маалыматына таянсак, бул - облуста адамдарды кулчулукка сатууга байланышкан алгачкы иш. Адамдарды кулчулукка сатуу боюнча мындан башка эч кандай арыз түшкөн эмес. Ал эми Баткендеги "Жаңылмырза" кризистик борборунун жетекчиси Токтокан Мамбетова облус тургундарынын арасында дагы бөтөн жерге алданып барып кулчулукка сатылгандардын көптүгүн мындайча белгилейт:

-Жакында Кадамжай районунан бизге бир үй-бүлө кайрылды. Алар Казакстанда 3 жыл кулчулукта жүрүп, араңдан зорго качып келишкен. Мындай фактылар абдан көп болуп атат.

- Токтокан Мамбетованын пикиринде, элдин өз укуктарын, чет жакка чыгуунун жол-жобосун билбестиги бөтөн жерде азап тартуусунда, кулчулукка сатылуусуна себеп болууда. Бирок кулчулукка сатылгандардын көпчүлүгү укук коргоо органдарына кайрылышпайт:

- Өз укугун, чет мамлекеттерге чыкканда кандай документтер керек экенин билбегендиктен ушундай жолдорго дуушар болуп атышат. Укук коргоо органдарына кайрылбайсыңарбы десек, алар кулак салбайт, кайра бизден акча сурайт деп айтышты, - дейт "Жаңылмырза" кризистик борборунун жетекчиси Токтокан Мамбетова.

Калкынын көпчүлүк бөлүгү жакыр турмушта жашаган Баткен облусунда миграция маселеси күндөн күнгө курчуп, Орусиянын шаарларына жумуш издеп кетип жаткандардын саны күн санап көбөйүүдө. Бирок канча адам кайсы жакка кеткендиги жөнүндө эч кандай так маалымат жок. Жакында эле Орусиядан келген Баткен районунун тургуну Сейит Рахмановдун айтымында, Орусияга баргандардын айрымдары эле жакшы жумуш таап иштеп калышпаса, көпчүлүгү күнүмдүк иштерге жалданып, эптеп жан багуу аракетин көрүшөт:

- Чынын айтыш керек, биз ойлогондой эмес экен ал жакта. Жумуш табыш кыйын экен, көчөдө эркин жүрө албайсың. Биз дагы эптеп акча таап жол киреге, кайра кайтышка аргасыз болдук. Эгерде бул жерде жумуш болсо, ал жакка барыштын кереги жок, - деди Баткендик Сейит Рахманов.

Ушундай эле ойду Баткендин дагы бир тургуну Райхан Жороева мындайча улайт:

- Кыргыздаp абдан көп экен бизге окшогон. Көчөдө бир күндүк курсагын ойлоп жүргөндөр аябай көп.

Бурулкан Турдубек кызы:

- Рахмат Шайырбек. Далдалчынын тилине кирип, алдангандын азабын тарткан жаштардын бири - Гүлзат. Ал Казакстандын Чирик районундагы Гайрат айылында аргасыз бир аялга малай болуп жүрүп качып келген, азыр далдалчы жубайларды жазага тарттыруу, документтерин кайтарып алуу аргасын издеп жүрөт. Бирок ал өзүнүн чыныгы ысымын, турган жерин айтуу кооптуу деп санап, бейтааныш кишилерге өзүнүн чоо-жайын айткысы келбейт. Биздин баарлашуубузга бейөкмөт уюмдардын бири кол кабыш кылды:

Гүлзат, жабырлануучу:

- Бай аялдын колуна теңтуш кызымды, күйөөсүн, анан мени далдалчылар сатып жиберишти. Бизди ал жерде сабачу, тамак берчү эмес, сарайда жашачубуз.

- Эмне жумуш кылчу элеңер?

- Биз анын үйүн актадык, кирин жуучубуз, огородун бүт тазалап чыктык.
Эшек, уйлары бар болчу, алардын баарын бактык. Таң атбай саат 5те тургузат, короосун шыпырабыз. Погреб казчубуз, мончо салып бердик бир айдын ичинде. Бир нерсе десек эле "өлтүрүп-житирип салабыз, бул жерге көмүп салабыз" дейт. Айла жок, анан эмне кылабыз, айтканын баарын кылчубуз. Дааратканасынан өйдө жуучубуз.
Мен ошондой кордукту көрүп келдим. Мен башкаларга айтарым, ушундай алданбагыла, "көп акча табасыңар" дегендерге ишенбегиле, ал жөн эле калп сөз. Мен өз көзүм менен көрүп, билип, анан майдын жыйырмасында качып келдим жөө. Жолдо ач-жылаңач азап чектик.


Бул - Казакстанда кордук көрүп келген маектешибиздин пикири болду.

Кыргызстандык жумушсуздардын кара күчү мыйзам жол менен негизинен Казакстанда жана Орусияда пайдаланылат. Ал эми Араб Эмираты, Түштүк Корея, Түркия өңдүү мамлекеттерге жөнөтүү негизинен сойкулук максатты көздөйт. Далдалчылар Кыргызстанды Тажикстан менен Өзбекстандык кыздарды алып өтүүчү транзиттик өлкө катары да пайланышат. Азыр Дубай, Шаржа өңдүү шаарларда Кыргызстандан чыккан 100 чамалаш кыз кармалып тургандыгы жөнүндө маалыматтар айтылууда. Адистер болсо чет өлкөлөр менен байланышкан кылмыштын бул түрүн ачуу оңойго турбастыгын белгилеп келишет.

Бирок Кыргызстан өзүндө кеңири жайылган сойкулук ишмердүүлүгү деле иретке келтирилген жери жок. Кабарчыбыз Замира Кожобаева Бишкектеги ондогон сойкужайлардын бирине барып, ушундай ойдо кайтты. Анда азыр кезекти Замирага берели:

- Бишкектеги Ош базарынын айланасындагы менчик мейманканалардын биринде иштешкен беш кыз 200 сом үчүн бизге маек куруп берүүгө макул болушту. Кыздар 20-27 жаштарда. Алар өздөрүн Асел, Махабат, Диля, Жанна жана Николь деп тааныштырышты:

(Кыздар уй мүйүз отуруп, суроолорго жооп беришти)

- Кардарлар акчасын төлөп, өздөрү каниет алгандан кийин баса беришет.

- Ал аз келгенсип, уруп-сабап кетишет.

- Шылдыңдап кетишет. Көчөдөн көрсө да болушунча шылдыңдашат. Ага кошумча «менты» (милиция кызматкерлери) сабап, «праваларын качать» этишет, силер «сойкусуңар да, адам эмессиңер» деп.

- Акча сындырып (алдап) кетишет.

- Кардарлар бизди сабап кеткенде, биз айтсак да арызыбызды көнүлгө алышпайт. «Силер сойкусуңар. Бүттү» дешет.

- Адам катары көрүшпөйт бизди.

- Чөнтөкчү менен «менттин» айырмасы жок. Экөө тең бирдей.

- Силер бул жерге канча төлөйсүңөр?

- Акча деле төлөбөйбүз. Кардар келип комнатаны алат. Болду.

-Келген адамдардан канча аласыңар акыга?

- 160 сом алабыз. Мындан комнатага 50 сом, 10 сом презервативге (сактангыч)кетет.

- 100 сом калат турбайбы өзүңөргө.

- Ооба, 100 сом өзүбүзгө калат.

-Чынында 100 сом деле калбайт. Мына силердин алдыңарда эле «менттер» келип кетти.

-Бензинге акча деп сурашат. Бербесек коркутушат: "Атайын жайга камайбыз. Бир ай, 15 күн отурасыңар, сот аркылуу жабабыз" деп коркутушат.

З. Кожобаева:

- Урматтуу угармандар, коомчулукта минтип жан багып келаткан кыздар тууралуу ар кыл пикирлер айтылып жүрөт. Айрым адамдар аларга жан тартуу менен мамиле кылышча, кээ бирлери "сойкулук - жеңил ойлуулук" деп кесе айтышат. Анда эмесе, ошондой пикирлердин бирине кулак салалы. 39 жаштагы Салтанат Темирбаева:

- Мен бул кыздардын жумушу жоктугунан денемди сатып атам дегенин актоого сөз таба албайм. Ден соолугу бар үчүн ушуну жасап атышат.

Бурулкан Турдубек кызы:

- Рахмат, Замира. Tемага байланыштуу талкуубузду уланталы. Кыргызстанда адам сатууга, кулчулукка каршы күрөш эмне үчүн натыйжасыз болуп жатат деген суроо менен биз башкы прокуратуранын адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Амир Шагивалиевге кайрылдык:

- Бизде адам сатуунун курмандыктарын коргоо механизм иштелип чыга элек. Парлaментте да бул маселеге жетиштүү баа берилбей жатат.

- Киши соодагерлери көппү, эсеби барбы силерде?

- Билесизби, кылмышты уюштуруучуларды табуу - дүйнөлүк проблема. Анын үстүнө биздин демократиялуулугубуздан Өзбекстан, Тажикстан дагы пайдаланышы ыктымал. Фактылар бар. Ошол эле учурда Кыргызстан Россияны, Казакстанды транзит катары пайдаланган учурлар да бар.

- Киши соодалоо фактысы боюнча кандайдыр бир так маалыматтар барбы?

- Маселен, өткөн жылы 18 кылмыш иши козголду. Бирок анын жарымы эле сотко жолдонду, экөө акталды. Бул аз эле сан.

- 100 кыз чет өлкөдө камакта отурат деген чынбы?

- Бизде мындай маалымат жок.

- Кандай деп ойлойсуз, айрым өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй Кыргызстанда сойкулук ишмердүүлүгүн ачыктоо зарыл болуп жүрбөсүн?

- Бул маселе такай көтөрүлүп келатат. Алардын ичинде Шапиро (СПИД борборунунун башчысы – авт.) мырза бул демилгени колдоп жүрөт. Биздин чыгыш менталитетибизди эске алганда, буга мыйзамдык укук берүү кыйын болот. Бирок биз иш жүзүндө сойкулук үчүн кылмыш жообуна тартпайбыз.

- Кытай менен бул өңүттө кандай кызматташасыздар, ал жерде кулчулукка кабылган кыргыздар көп дешет го?

- Чынын айтканда, бул - ойдон чыгарылган нерсе. Биз карыздын айынан Кытайда 20 киши кул болуп калыптыр деген фактыны текшерип, экөөнү гана аныктадык. Бизде бул боюнча Кытайдын башкы прокуратурасы менен макулдашуубуз бар.

Бурулкан Турдубек кызы:

- Башкы прокуратуранын адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Амир Шагивалиев менен чакан маекти уктуңуздар.

Шагивалиевдин айтымында, сойкулукка каршы күрөш жалгыз Кыргызстандын колунан келбей турган иш. Ушул пикирди улай кабарчыбыз Бүбүкан Досалиева Кыргызстандын бул өңүттөгү эл аралык уюмдар менен кызматташтыгы тууралуу кеп салат:

- Рахмат, Бурулкан. Эгемендик ала элек кезде адам сатуу деген ойдон алыс жүргөн Кыргызстандын эли адегенде бул эл аралык деңгээлдеги кылмыш экендигин түшүнө берген эмес. Ошондон улам 1998-жылдан тарта күчүнө кирген Кылмыш-жаза кодексине адам сатууга каршы жаза көрүү жобосу да киргизилген эмес. Качан гана алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө ар кандай шылтоо менен кыз-келиндерди, өспүрүмдөрдү алып чыгып кетишип, секс индустриясына салынган аялдардын тагдыры тууралуу кеп козголгондон кийин былтыр гана үч жылдан 20 жылга чейин жаза берүү жобосу Кылмыш-жаза кодексине киргизилди. Ушундан улам Кыргызстан адам сатууга каршы күрөшүү боюнча аракет жасап жаткан мамлекеттердин катарына кирди. Ал тууралуу АКШнын мамлекеттик департаментинин адамдарды өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгып кетүү күрөшүнө байкоо салуу башкармалыгынын директору Жон Миллер 17-июнда Бишкек-Вашингтон-Еревандын ортосунда телефон аркылуу уюштурулган маалымат жыйынында төмөнкүчө баа берди:

- Адам сатууга каршы күрөш боюнча докладда Кыргызстан бир катар алгылыктуу иштерди жасады деп белгиленди. Жылдын көрсөткүчү боюнча Кыргызстан экинчи деңгээлге чыгып, ал тизмедеги мамлекеттердин алдына турат. Бул Кылмыш-жаза кодексине адам сатуу боюнча жаза берүү беренесинин киргизилгендигинин натыйжасы болду. Андан тышкары, Ички иштер министрлигинде адам сатууга каршы күрөш жүргүзүүчү атайын бөлүм түзүлүп, тартип коргоо кызматкерлеринин арасында окуу уюштурду. Ошондой эле эмгек мигранттарынын ишин жөнгө салып, укугун коргоо боюнча Орусия жана Казакстан менен макулдашууларды түзүп, премьер-министр аппаратында атайын бөлүмдү ачты -деди Жон Миллер.

Кыргыз өкмөтү быйыл Эл аралык миграция уюму менен бирдикте эки жылдык жаңы долбоорду ишке ашырган жатат. Ал тууралуу Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Кеколе Рей мына буларды билдирген:

- Бир нече жумадан кийин Эл аралык миграция уюму адам сатууга каршы өзүнүн эки жылдык программасын ишке ашыра баштайт. Ал чет өлкөгө ар кандай шартта барып калган адамдарды өз өлкөсүнө кайтаруу. Бул - жеңил милдеттерден эмес. Ошон үчүн биз адам сатуучулардын торуна кабылган адамдар менен тыгыз байланыш түзүүгө аракет кылабыз. Андан тышкары жабыр тарткан адамдарды калыбына келтирүү жайларына колдоо көрсөтөбүз.

АКШнын ЮСАИД агенттиги да Кыргызстандагы 18 бейөкмөт уюмга колдоо көрсөтүп, жарандардын алданып калбашы үчүн өз укугун коргоого үйрөтүү максаты менен калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсүнө шарт түздү. АКШнын өкмөтү адам соодасына каршы күрөшүү үчүн каражатын быйыл 120 миллион долларга жеткирип, ага бейөкмөт уюмдарды көбүрөөк тартуу сунушун билдирди. Буга чейин тартип коргоо органдарында иштеген 900 адам атайын окуудан өтүшкөн. Европа Биримдигинин чегараны башкарууну бекемдөө долбоорунун негизинде чегара кызматы өлкөгө кирип-чыккандарды катуу көзөмөлдөөнү байкоонун жаңы системасын ишке киргизди.

Бирок АКШнын мамлекеттик департаментинин маалыматы боюнча, адам сатууга мамлекеттик органдардагы коррупция жана киши сатуу менен иш кылган топтордун алдын-ала ойлонулган, макулдашылган жол менен иштээри башкы тоскоолдук болууда. Маселен, ушул жылдын башында кармалган топтун бирөө миграция кызматынын кызматкери, дагы бирөө паспорт столунун мурдагы кызматкери экен. Ушундан улам эл аралык уюмдар адам соодасына каршы эң ириде мамлекеттердин өкмөттөрүнүн аракети күч болуш керек деген бүтүмгө келишүүдө.

Б.Турдубек кызы:

- Ырахмат, Бүбүкан. Жалпы жагдай ушундай. Урматтуу угармандар, сиздер «Азаттык» радиосунун «Коом жана турмуш» радиотүрмөгүнүн кезектеги чыгарылышын уктуңуздар. Бул ирет сиздер Кыргызстандагы адам сатууга каршы күрөш жана анын оош-кыйыштары тууралуу сөз болду.
XS
SM
MD
LG