Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

КЫРГЫЗСТАНДЫК КЫЗДАРДЫН АРАБ ЭМИРАТТАРДАГЫ АЗАБЫ


Чолпон Орозобекова, Прага Сойкулук - араб эмираттарынын бийлиги сөз кылуудан качкан тема. Ырасмий маалыматтар боюнча бул өлкөдө сойкулук таптакыр жок, бирок иш жүзүндө өлкө эл аралык сойкулуктун чордону болуп саналат. Араб эмираттарына жарды мамлекеттерден ар кыл жолдор менен жеткирилген сойкулар зордук- зомбулукка жана башка ар кыл кыйынчылыктарга тушугушат. Бул өлкөдө Кыргызстандан да келген кыз-келиндер арбын.

Бул кыз 2002-жылы Өзбекстанда бухгалтер болуп иштеген. Аны биз шарттуу түрдө Катерина деп коёлу. Жетишпеген турмушта каржалып жүргөн убагында бир аял ага Араб эмираттарына бир нече жумалык сапарга чыгууну сунуш кылып калат. Анда ал болгону 19 жаштагы жапжаш кыз болчу. Арабдардын жогорку даражадагы бай адамдары менен жыныстык мамиледе болуп, ал кызматы үчүн 5 миң доллар алаарын укканда Катерина дароо макул болот.

“Азаттык” радиосунун кабарчылары Катеринанын Дубай шаарынан жолуктурушкан. Ал Өзбекстанда өтө жарды үй-бүлөдө чоңойгонун, ал кезде турмушка чыккыдай жигити да болбогонун айтып отурду.

Катеринаны Дубайдан өзбек аял тосуп алган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин бул кыз качып кетпесин деп берки аял паспортун тартып алган.
Катерина ишти кантип баштаганын мындайча эскерет:

- Биринчи күнү мени бир жергиликтүү төбөл кабыл алды. Мени менен сүйлөшүп отургандан кийин мага 35 миң дирхам берди. Бул деген 9500 доллар. Анын эртеси дагы башкасына бардык. Ал мага 30 миң дирхам карматты. Ошол эки күнү гана мени эч ким капалантпай жөн гана акча берди. Андан кийин гана менин бул жакка келгенимдин накта максаты билинди.

Биринчи жолуккан эки киши анын өтө жаш экенин, бул ишке даяр эместигин көрүп туруп, балким, аяшкандыр деп ойлойт Катерина. А балким аны бекер келген акча аркылуу кызыктырып коюуну да ойлошкондур.

Дубайда 2000ге чукул сойку кыздар иштейт. Алардын көбү чет мамлекеттен келгендер. Арасында күчтөп, зордук-зомбулук менен алынып келгендер жана алдангандар басымдуулук кылат.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин адам сатууга каршы күрөш боюнча комиссиясы соңку баяндамасында Араб эмираттарын катуу сынга алды. Анда өлкөнүн бийлигин адам сатууга каршы күрөш жарыялабагандыгы үчүн айыптайт.

“Араб эмираттары – Түштүктөн жана Чыгыш Азиядан, баарыдан мурда постсоветтик өлкөлөрдөн эркектер менен аялдарды жана балдарды күчкө салып иштетүүгө жана сексуалдык жактан эксплуатациялаш үчүн соодалоочу өлкө” деп жазылат баяндамада.

Андан ары америкалык эксперттер чет өлкөлүк аялдар өз өлкөсүндөгү ортомчуларга алданып барып, анан Араб эмираттарынан сексуалдык кулчулуктун жана күңчүлүктүн күнүн көрүүгө мажбур болушарын эскертишет.

“Дубай бороон-чапкыны” деп аталган түнкү клуб эл аралык сексуалдык соодалоонун гүлдөшүнүн накта үлгүсү болуп саналат. Бул клубдун ээси - Лондондон келген индус. Меймандары бул жерди өзүнчө “бириккен улуттардын үйү” деп коюшат. Түнкүсүн бул клубга келген кардарлар Азербайжан, Болгария, Өзбекстан, Кытай, Орусия, Тажикстан өңдүү өлкөлөрдөн келген 500гө чукул кызды жолуктура алат.

Бирок бул түнкү клуб Дубайдагы жалгыз эле ушундай жай эмес. Эл аралык соодага айланган секстин кызматчыларын Дубайдагы ар бир мейманканадан, керек болсо көчө бойлорунан да жолуктурууга болот.

Бул бизнес ошол кызматты көрсөтүп аткан аялдар үчүн кирешелүү деп айтууга болбойт. Мисалы, 5 000 доллар акы жөнүндө убадага ишенип барган Катерина үчүнчү кардардан гана 100 доллар алган. Ал эми калган каражат Өзбекстандан алып барган ортомчу аялдын чөнтөгүнө түшкөн.

Акыры Катерина сойкулуктун торунан кутулуп чыкты. Бирок анын тагдыры салыштырмалуу ташы оң кулагандардан. Мисалы, ал өз көзү менен 14 жаштагы бир бечара кызды көргөн. Аракеч энеси бул секелек кызын Араб эмираттарына сойкулукка 500 долларга сатып жиберген.

Араб эмираттарындагы Кыргызстандын консулу Бактыбек Акаев Дубайдагы кабарчыбыз Пейман Пижман менен жолугуп, пикир менен бөлүштү. Консулдун үстөлүндөгү калың китепчеде бул жакта сексуалдык зомбулук көргөндөн кийин Кыргызстанга кайтарылган аялдардын таржымалы жазылган. Консулдун айтымында, бул аялдар - полициянын колуна түшүп калып, өлкөдөн кетирилгендер же кожоюндарынан өздөрү качып чыккандар.

Араб эмираттарында мурда Орусиядан келген сойкулар басымдуулук кылчу. Бирок байкоочулардын баамында соңку жылдары Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытайдан алынып барган аялдар көбөйдү.

Бул өлкөдө постсоветтик мамлекеттерден чыккан адам аткезчилери абдан тамыр жайып, биротоло сиңишип бүткөн. Жумушсуздукка баткан өлкөдөгү аргасы түгөнүп турган аялдарды азгырып келүү алар үчүн, адатта, кыйынга турбайт.

Тажикстандын Араб эмираттарында дипломатиялык мекемелери жок. Дубайдагы Миграция боюнча эл аралык кеңседе иштеген Нажида Маматжанова бул маселе барган сайын курчуп баратканын айтат:

- Ырасмий эмес маалыматтарга караганда, 300дөн ашык тажик аялдар жана жаш кыздар Араб эмираттарынын түрмөлөрүндө кармалууда. Аларды бошотконго эч ким киришкен да жок. Бирок эң башкысы келин- ыздарды бул торго түшүүдөн сакташыбыз керек. Биздин башкы максат ушунда.

Араб эмираттарындагы өзбек элчилиги бул маселе боюнча оюн айтуудан баш тартты. Ошону менен катары араб аткаминерлери да бул темада сүйлөшүүнү каалашкан жок.

Сойкулук менен алектенген аялдардын көбү менен сүйлөшкөндөн кийин алардын катарында өз каалоосу менен акча табыш үчүн келгендери бар экенине да көзүбүз жетти. Румынияда экономист болуп иштеген Марина айына 200 доллар маяна алчу. Күйөөсү полицияда иштейт. Маринанын айтымында, бул жакка кандай жумушка келгенин күйөөсү да билет:

- Румынияда күйөөм бар. Ал билет. Бир нерсе кааласам мен аны жасайм. Бул жакта жакшы акча таап атам. Румынияга айына 2 миң доллар жөнөтөм. Бул жактан өзүмө дос күтүп алгам. Ар бир кыз батирге, тамак-ашка, кийим-кечеге акча алып туруш үчүн бул жакта дос күтүп алышат.

Марина дагы эки-үч жыл иштеп, Румыниядан үй сатып алгысы келет. Бул жакка келген аялдар алгач туристтик виза менен келишет. Маринанын айтымында, 2500-4000 доллар берсең визаны каалаганыңдай кылып тууралап берчүлөр табылат.

Бирок Марина бир аз жаңылышат. Визаны жеке адамдар жасай албайт. Мамлекет чектелүү укук берген фирмалар бар. Кокус визаң туура эмес болуп, полицияга түшүп калган күндө фирмалар четке чыга беришет дагы, жергиликтүү мыйзамдан түшүнүгү жок, четтен келген аялдар өз мүшкүлү менен өздөрү калышат.

Өзү Орусиядан, Александрия аттуу азербайжан аял Дубайга келгенине сегиз жыл болду. Алгач мейманканада пол жууп иштеп жүрдү. Андан кийин бир араб кишинин сунушу менен виза жасап, кыздарды сойкулук ишке тартууга өткөн. Ал кыздар көрсөткөн кызматтан түшкөн киреше менен жашайт.

Соңку кезде Араб эмираттарында сойку кыздар өлтүрүлгөн, сабалган, кордолгон учурлар көп кездешүүдө. Марина коштошуп жатып “бул жакта көп кыздар кыйналып атат. Алардын көйгөйлөрү чачтан көп” деди.
XS
SM
MD
LG