Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44

МАГАТЭнин БАШЧЫСЫ ИЗРАИЛГЕ КЕЛДИ


Кечээ, шейшемби күнү атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин - МАГАТЭнин башкы директору Мохаммед ал-Барадей жумушчу сапар менен Израилге келди. Бүгүн ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, аларды Жакынкы Чыгышты ядролук куралсыз аймакка айлантуу идеясына ийиткени жатат. МАГАТЭнин башчысы келердин алдында жөөт премьер-министри Ариэл Шарон Израил мурдагыдай эле ядролук куралы бар же жок экенин бир жаңсыл ырастагысы да, төгүндөгүсү да келбейт деди.

Британдык “Гардиан” гезити ЦРУнун маалыматтарына таянып, Израилдин 200дөн 400гө чейин ядролук дүрмөтү бар деп ырастайт. Мындан тышкары жөөттөрдүн баллистикалык ракеталарын, эң алдыңкы үлгүдөгү аскери самолетторун эске алганда, атомдук куралга жакында эле жетишкен Индия менен Пакистанга салыштырмалуу Израилди толук кемелдеги ядролук өлкө деп эсептегенге болот.

Бирок жөөт өкмөтү бул чөйрөдө аң-сезимдүү түрдө “атомдук эки ачакей” принцип деп аталган позицияны карманып келет, б.а. өзүнүн ядролук дүрмөттөрү бар деп да, жок деп да ачык айтпайт. Ошол себептен ядролук куралдарды таркатпоо келишимине кошулгандан баш тарткан. Мындай позиция, ырасмий өкүлдөрдүн айтымында, Израилдин душмандарын ооздуктоо үчүн керек. Эгер Жакынкы Чыгыштагы мусулман өлкөлөрү, айрыкча Иран жоопкерчиликтүү демократиялык режим болгондо Израилге аталган тармактагы программалардын таптакыр кажети болмок эмес дешет алар.

Бирок соңку кезде абал бир топ өзгөрдү, Израилге кооп туудурат деген Саддам Хусейндин режими кулады, Ливия массалык кыргын куралдар программасынан баш тартты, Иран болсо инспекциялык иштер үчүн өз ишканаларын МАГАТЭге ачып берди. Мына ушундай шартта Израилдин атомдук программасы региондогу камтамачылыктын факторуна айланды, ошондуктан МАГАТЭ эми ушул проблема менен астейдил арпалышкысы келет. Мунун зарылдыгын былтыр декабрда жөөт гезиттеринин биринде жарыяланган маегинде эске салып, ал-Барадей Израил өкмөтү эмне себептен МАГАТЭ менен сүйлөшүүлөрдөн качып жаткандыгына таң калгандыгын билдирген болчу.

Мохаммед ал-Барадей үч күндүк визити маалында Израилде бир катар ырасмий өкүлдөр, атом энергиясы боюнча өкмөттүк комиссиянын директору Гидеон Франк, кабинет башчысы Ариэл Шарон жана тышкы иштер министри Силван Шаломом менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. МАГАТЭнин башчысы ошондой эле Димондогу жана Соректеги ядролук борборлордо болгусу келет, бирок жөөт өкмөтү ал-Барадейдин иш сапарына сөз болгон эки илимий ишканаларды киргизген жок.

Батыштагы айрым гезиттер Израил өзүнүн Димондогу экинчи ишканасында курал жасоо үчүн плутоний өндүрөт деп эсептешет. Израилдин бу чөйрөдөгү иштерине кылдат көз багып, көзөмөл жүргүзүү зарылдыгын быйыл жазда абактан чыккан жөөт илимпоз-атомчусу Мордехей Вануну да эскерткен эле. Аны бир кезде Израилдин атомдук жашыруун сырларын шардана кылып жиберди деп айыптап, он сегиз жыл түрмөгө кесишкен эле.

Байкоочулар арасында Мохаммед ал-Барадейдин бул жолку сапарынан майнап чыгарына ишенгендер аз.
XS
SM
MD
LG