Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:40

АКШнын мамкатчысы Израилдин тышкы иштер министри менен жолугушту


Вашингтон. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Израилди Палестинанын аймагындагы жөөт конуштарын көчүрүү боюнча иш-чараларды баштоого чакырды. Буга чейин Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон 2001-жылдан кийин Палестин аймагында түзүлгөн бул конуштарды көчүрүүгө убада кылган. Кечээ Вашингтондо Колин Пауэлл менен болгон жолугушуусунда Израилдин тышкы иштер министри Сильван Шалом учурда жөөт конуштарын көчүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады. Ал ошондой эле Иордандын Батыш жээгинде “коопсуздук дубалын” куруунун зарылдыгы жөнүндө да белгилеп өттү. Анын айтымында, мындай дубал террорчу топтордон сактануу үчүн курулмакчы.
Кечээ ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды Бириккен Улуттар Уюмунун, Европа Биримдигинин, АКШнын жана Орусиянын өкүлдөрү да талкуулашты. Сүйлөшүүнүн жыйынтыктары азырынча белгисиз.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG