Линктер

жекшемби, 26-март, 2017 Бишкек убактысы 04:22

Австриянын президенти дүйнөдөн кайтты


Вена. Кечээ кечинде Венада Австриянын президенти Томас Клестиль 72 жашында дүйнөдөн кайтты. Акыркы күндөрү Клестиль жүрөк дарты менен ооруканада жактан. Оңчул - центристтик партиянын өкүлү Томас Клестиль 1992-жылдан бери Австриянын президенти болуп келген. Анын президенттигинин экинчи мөөнөтү эки күндөн кийин аяктамак.
Ал эми жакында Австрияда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан социалист Хайнц Фишердин президенттик кызматын баштоо алдындагы ант берүү салтанаты бейшембиде өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG