Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Ажариянын мурдагы жетекчисинин үстүнөн кылмыш иши козголду


Тбилиси. Грузиянын башкы прокурору Зураб Адешвили Ажариянын мурдагы башчысы Аслан Абашидзенин үстүнөн кылмыш иши козголгондугу жөнүндө билдирди. Башкы прокурордун айтымында, Абашидзе ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдалангандыгында күнөөлөнүүдө. Адешвилинин маалыматына караганда, Абашидзе мамлекеттик казынадан 20 миллионго жакын АКШ долларын өз кызыкчылыгына жумшаган.

Грузиядагы "жибек төңкөрүшүнөн" кийин бийликке келген Михаил Саакашвили менен Аслан Абашидзенин оту күйүшпөй, ал Ажарияны жетектөөдөн чегинүүгө аргасыз болгон эле. Абашидзе Москвага кетүүгө мажбур болгон жана учурда ал Орусияда.

XS
SM
MD
LG