Москва. Армениянын тышкы иштер министри Вардан Осканян Москвада болгон иш-сапары учурунда Армения Түркия менен болгон дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүүгө даяр экендигин билдирди. 28-29 июнда Стамбулда өткөн НАТОнун саммити учурунда Вардан Осканян Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл менен көзмө-көз сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Армения менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин салкындашы Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Осмон империясында армяндарга карата жасалган массалык репрессияларга баа берүү маселесине байланыштуу болгон.
Армения бул окуяны Түркия тарабынан жасалган геноцид катары таанышын талап кылып келет. Ал эми Түркия мындай баа берүүгө макул эмес.
Армения бул окуяны Түркия тарабынан жасалган геноцид катары таанышын талап кылып келет. Ал эми Түркия мындай баа берүүгө макул эмес.