Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:17

ВИЧ-инфекциясы күч алды


Лондон. Бириккен Улуттар Уюмунун СПИД боюнча агенттиги Чыгыш Европа жана Борбор Азия аймактарында жакынкы жылдары ВИЧ-инфекциясынын кескин түрдө жайылуу коркунучу бар экендигин жарыялады. Мындай маалымат ушул жекшембиде Бангкокто өтө турган СПИД боюнча 15-эларалык конференциянын алдында таратылды. Өткөн жылы эле дүйнө боюнча ВИЧ-инфекциясына чалдыккандардын саны 4 млн. 800 миңге көбөйүп, алардын жалпы саны 37 млн. 800 миңге жетти. Борбор Азия аймагында учурда ВИЧ-инфекциясына кабылган 90 миңге жакын адам жашайт.
Эл аралык эксперттер тиешелүү иш-чаралар көрүлбөсө, кийинки эле жылы аймакта ВИЧ-инфекциясын алып жүргөндөрдүн саны 1 млн 650 миңге чейин жете тургандыгын эскертишти. Борбор Азия аймагында СПИДдин жайылышын токтотуу боюнча иш-чараларга 2004-2007-жылдардын аралыгында эле 1 млрд. АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат талап кылынат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG