Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Эл-Барадей Израилде


Тель-Авив. Атомдук кубат боюнча эл аралык агенттиктин жетекчиси Мохаммад эл–Барадей үч күндүк иш-сапары менен Израилге келди. МАГАТЭнин жетекчиси Израилдин өлкө башчылары менен жолугуп, Жакынкы Чыгышта өзөктүк куралсыз аймак түзүү, ошондой эле бул өлкөнүн өзөктүк программасынын тегерегиндеги маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Иш-сапары учурунда эл-Барадей расмий Тель-Авивди өлкөнүн ядролук программасы боюнча бир тараптуу маалымат берүүгө да чакырат деп күтүлүүдө. Ал эми МАГАТЭнин жетекчисинин иш-сапары алдында Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон Тель-Авив өзүнүн өзөктүк саясатын өзгөртпөйт деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG