Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:45

Ооганстанда шайлоонун мөөнөтү тактала элек


Кабул. Ооганстанда президенттик жана парламенттик шайлоолордун так мөөнөтү дагы деле аныктала элек. Мындай жагдай өлкөдөгү оор кылдаалга байланыштуу болуп жатат. Бул маселе боюнча кечээ Кабулда Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү менен Ооган өкмөтүнүн жетекчилеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тараптар шайлоо мөөнөттөрү боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Бирок президенттик шайлоо сентябрь же октябрь айында өткөрүлөт деп болжолдонууда.

Ооган бийлигинин өкүлдөрүнүн пикиринде, бул мөөнөт шайлоочуларды каттоо иш-чараларына жетишсиз. Анткени шайлоочуларды каттоо бир топ кыйынчылыктар менен коштолууда. Ал эми шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү талиптердин жана “Ал-Каида” тобунун согушчандарынын кысымына дуушар болушууда. Өлкөдө ошондой эле шайлоо өнөктүгүн өткөрүүнүн тартиптери да тактала элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG