Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:05

6-июлда кечке жуук “Адилет шайлоо үчүн” атуулдук бирикмесинин координациялык кеңешинин жыйыны өттү. Анда бирикменин жакын арада аткара турган иштери талкууланып, Шайлоо кодексине кошумча киргизүү боюнча төрт пункттан турган сунуш Мыйзам чыгаруу жыйынына жана Борбордук шайлоо комиссиясына жолдонду.

Координациялык кеңештин жыйынында анын жети мүчөсүнүн ар биринин аткара турган милдеттери, иштөө багыттары да аныкталган. Ал тууралуу бейшемби күнү боло турган маалымат жыйынында бирикменин төрагасы Мисир Ашыркулов маалымат берерин кеңештин мүчөсү Өмүрбек Текебаев билдирди.
Бирикменин Шайлоо кодексине кошумча киргизүү тууралуу сунушуна келсек ал жогоруда белгиленгендей төрт пункттан турат.

Биринчи пункттунда шайлоо участкасынын номери коюлган штамп даярдап, ар бир бюллетенге добуш берердин алдында ошол штампты басуу сунушталган. Ал эми экинчи пунктта ар бир шайлоо участкасынын бюллетендерин номерлөө сунушталган. Андан сырткары шайлоо участкаларынын мүчөлөрүнө бюджеттен акча төлөөнү киргизүү айтылган. Ал эми сунуштун дагы бир пунктту тууралуу Адахан Мадумаров буларды билдирди:

- Ар бир шайлоочунун оң колуна шайлоого кирип бараткан учурда боек сүртүлөт. Бул анын экинчи бир участокко барып добуш берүүсүнө жол бербөө үчүн, көзөмөлдү күчөтүү максатында жасалат. Бул өнүккөн мамлекеттерде кеңири колдонулуп келатат. Бизде да ушундай норманы киргизүүнү сунуштап жатабыз.

Ал эми Борборшайлоокомдун аппаратынын башчысы Кубанычбек Исмаилов мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү “Адилет шайлоо үчүн” биримдигине кирген депутаттардын колундагы иш экендигин билдирди:

- Депутат катарында алардын мындай кошумчаларды сунуштоого укугу бар. Мыйзамда белгиленгендей мыйзам чыгаруу демилгесин депутаттар, өкмөт, президент, андан кийин 300 миң атуул кол топтоо менен көтөрө алат. Ал эми Борборшайлоокомдун мыйзам кабыл алуу боюнча демилге көтөрүүгө укугу жок.

Бирикменин мүчөсү Өмүрбек Текебаев Шайлоо кодексине ушундай кошумчаларды киргизүүнү сунуштаган долбоорду мурда эле парламентке киргизгенин айтып, маселе аткаруу бийлигинин колдоого алаар-албасында экенин билдирди:

- Мыйзам долбоорлорду киргизип койгонбуз. Бирок бул кайрылуу бирикменин позициясын билдирүүдө. Эми маселе өкмөттүн ага макулдук берип, парламентте каралуусунда турат. Анткени акча жоктугуна шылтоолоп, өкмөт каршы чыгышы мүмкүн. Ошондуктан биз жалпы бирикменин атынан ушундай сунуштарды кошумча билдирип жатабыз.

Бирикменин сунуштарына каршы чыккан саясатчылар да болууда. Маселен, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, президенттик шайлоого талапкер катары катышаарын жарыялаган Ишенбай Кадырбеков өзгөчө шайлоо учсткаларында бюллетендерди номерлөөгө каршы пикирин билдирип, анын себебине мындай жүйөөлөрүн келтирди:

- Эгерде бюллетендерге номер коюлса, ошол аркылуу бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерге кайсы номерге чейинки бюллетендер берилгени белгилүү болуп, кимдин кандай добуш бергенин айкындоого жол ачылат. “Баланчаев Баланча буга добуш бересиң” деп буйрук берилет. Аны бюллетендердин номуру аркылуу көзөмөлдөп алат. Бул добуш берүүнүн жашыруундугун бузат.

Ишенбай Кадырбеков ошол эле учурда бирикменин добуш берүүгө кирип бараткан шайлоочунун колуна боёк сүртүү идеясын колдоорун айтып, мындай практика Грузияда жакшы натыйжа бергенин белгиледи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG