Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:14

УРАН КАЛДЫКТАРЫН САКТОО - КЫМБАТБАА ЖУМУШ


Майлуусуу уран калдыктары сакталган жайлар Фергана өрөөнүнө чоң экологиялык апаат алып келиши ыктымал. Коркунучтуу жайларды бекемдөө, экологиялык кырсыкты болтурбай коюуга Дүйнөлүк банк 11 миллион 760 миң доллар акча бөлгөнүн өткөн айдын соңунда жарыя кылган. Кыргызстандын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги Майлуусуу шаарындагы уран калдыктары сакталган жайларды бекемдөө иштерин баштайт. Адистердин айтымында, бул өтөле кымбатбаа жумуш.

Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн акчага биртоп жумуштар, тактап айтканда, көчкү жүрүшү ыктымал жерлерге байкоо жүргүзүү иштери аткарылат. 35 жылдан бери кыргыз өкмөтүнүн колу жетпей келаткан оор жумуш – Майлуусуу уран калдыктары сакталган жерлерди бекемдөө иштери жакын арада башталат. Жаңы долбоор беш жылдык мөөнөткө эсептелген.

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Уран калдыктары сакталган жерлерди кароо, табигый кырсыктарды иликтөө департаментинин жетекчиси Анаркул Айталиевдин ырасташынча, бул өзү оголе көп каражат талап кылчу жумуш:

- Реабилитациялоо, рекультивациялоо жумуштары көп акчаны талап кылат. Бул - биринчиси. Экинчиси, көп акча сарпталышынын себеби жумуштардын өтө кылдаттыкты талап кылышына байланыштуу. Ошон үчүн бул жумуштарды аткарууга эларалык уюмдар жардам кыларын убада кылышууда.

А.Айталиевдин айтуусунда, жаңы долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү адистер да катышат. Эң биринчи иретте №3 уран калдыктары сакталган жайды калыбына келтирүү башталмакчы.

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин орунбасары Болот Айдаралиев долбоор эки этап менен ишке ашырылып, максат Фергана өрөөнүн кооптонткон коркунучту жок кылуу экенин айтты:

- Биз 477 миң долларды өздөштүрдүк деп айтпадыкпы. Эларалык эксперттердин пикирин топтоо керек болчу. Ансыз Дүйнөлүк банк акча бөлбөйт. Мурункудан калган 160 миң долларды долбоорлоо-иликтөө иштерине жумшайбыз деген ойдобуз. Ошону тездетсек эле компоненттери көрүнүп калат да. Мисалы, биз азыр өкмөт менен макулдашып, жер көчкүлөр болчу, тектоник деп коёт, ошону изилдөө-иликтөө иштерин өзүбүздүн күчүбүз менен жасай берсек болот.

- Долбоордун жалпы баасы канча?

- 22 миллион доллардан ашык. Биз эң негизги орчун маселелерин чечишибиз керек. Андан кийинки этабы бар. 21 миллион доллар деп эсептегенбиз. Азыр 11 миллион 700 миң доллар деп атабыз. Эми ошону өздөштүрсөк, андан ары көрүнөт да.

Кийинки жылдарда Кыргызстанды каптаган табигый кырсыктардын көбөйүп кетиши Майлуусуу, андан өйдөңкү Койташтагы уран калдыктары сакталган жерлердин абалын ансайын коркунучка капталтууда. Өкмөт башчы Николай Танаев Дүйнөлүк банк каржылап аткан беш жылдык долбоор аягына чыкканча башбактап турган экологиялык кырсык Майлуусуунун төмөн жагында жайгашкан элди каптап кетпейби деген кооптонуусун ачыкка чыгарды:

- Чынымы айтсам, мага 2009-жылга чейин деген мөөнөтү жакпай турат. Ага чейин, айтылып келаткандай, «же хан, же эшек өлүп калышы мүмкүн». Бизге бүгүнкүсү маанилүү.

1999-жылы Кыргызстандын уран жана уулуу зат калдыктары сакталган 35 жай Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жоопкерчилигине берилген. Кыйла жылдар коркунучтуу жайлар кароосуз калып, четиндеги тосмолору урап, ачык калган.

- 1967-жылдан 1970-жылга чейин калдыктар сакталган жайлар консервацияланган. 35–36 жылдан бери аларды реабилитациялоо, рекультивация жасалбагандыктан үстүндөгү коргоочу катмар оор ахывалга келип калды,- дейт А.Айталиев.
XS
SM
MD
LG