Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Нарындын жаштары көп кырдуу маданияттан алыс


НАРЫН. Анткени Нарын аймагында бир гана улуттун – кыргыздардын өкүлдөрү жашайт. "Элет айым" аттуу коомдук бирикме ушундай жыйынтыкка келгендигин 7-июль күнү "Азаттыкка" маалымдалды. Анткени "Элет айым" 2003-2004-окуу жылында Нарын районунун мектептеринде эксперттик иш жүргүзүшкөн. Натыйжада моноэтникалык аймакта жашаган өспүрүмдөр көп кырдуу маданияттуулукту жеткилең түшүнбөгөндүктөн улам жетилген курак учурунда башка улуттар менен алака түзүү кыйынчылыгына кабылышат деп билдиришет аталган коомдук бирикменин өкүлдөрү.

Ошондуктан "Элет айым" "Сорос-Кыргызстан" фондусунун этносторду өнүктүрүү программасына долбоор сунуштап, ал экинчи түрдө колдоого ээ болгон. Ушундан улам жаңы окуу жылында көп кырдуу маданияттуулукка тарбиялоону облустагы мектептердин тарбия иштерине киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү дешти коомдук бирикме өкүлдөрү.

XS
SM
MD
LG