Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:27

«Адилет шайлоо үчүн» биримдиги кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмеси бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жолдоду. Анда эмдиги жылы боло турган парламенттик жана президенттик шайлоонун адилет, калыс өтүшү үчүн Шайлоо кодексине бир нече жобону киргизүү сунуш кылынды. Ага ылайык ар бир шайлоо участкасындагы комиссиянын иреттик номери жазылган мөөрүн жасатуу зарыл жана комиссия шайлоочу добуш берүү бюллетенин урнага салгычакты ошол мөөр менен бюллетенге белги коюшу керек. Андан тышкары ар бир шайлоо участкасына берилген бюллетендерге катар номер коюп, шайлоочу добуш берердин алдында оң колунун баш бармагына боёк сүртүлушү керек.

Бирикме мындан тышкары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө бюджеттен айлык берүүнү да сунуш кылды.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү мындай сунуштарды киргизүүгө депутаттар укуктуу экендигин жана анын негизинде Шайлоо кодексине өзгөртүү кылса боло тургандыгын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG