Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Казакстанда оппозиция лидерлери куугунтукка алынууда


"Ак Жол" партиясынын Актөбөдөгү баш өкүлү Зимгали Кобенов өзүнө 21-июнда кафедеги чатакта коомдук тартипти бузган деген айып коюлганын билдирди. Кобенов кафеде бир киши менен кер-мур айтыша кеткенин, бирок кол көтөрүп, мушташпаганын билдирди. Күнөөлүү деп табылса Кобенов үч жылга эркинен ажырашы мүмкүн. Анын айтымында, келаткан шайлоонун алдында бийликтер оппозицияны куугунтукка алып жатат.
"Ак Жолдун" дагы бир жетекчиси Булат Абилов мындан бир нече жыл мурдагы бизнес иштери боюнча прокуратурага чакырылганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG