Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

Кремль ЮКОС боюнча сын укту


Экономикалык кызматташттык жана өнүктүрүү уюму ырасмий Москваны ЮКОС боюнча сынга алды. Уюм ЮКОС мунай компаниясына коюлган айыптоолорду Орусияда жүздөгөн ишканаларга жана миллиондогон атуулдарга да коюу мүмкүн экендигин белгиледи.

ЮКОС бир нече миллиард доллар салык төлөгөн эмес деп күнөөлөнүүдө. Орусиянын өкмөтү бүгүн фирмадан 2000-жыл боюнча 3 миллиард 400 доллар салык карызын өндүрүп алуу ишин баштап жаткандыгын маалымдады.

АКШнын Стэндфорд университинин изилдөөчүсү Михаил Берстам ЮКОСтун айланасындагы окуялар мунайдын дүйнөлүк баасына тескери таасирин тийгизбейт деп билдирди. Ал ошондой эле, Кошмо Штаттарынын өкмөтү эч бир өлкөнүн салык талашына кийлигишпей тургандыгын белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG