Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

КЫРГЫЗСТАНДА МУНАЙЗАТТАРДЫН БААСЫ ӨСӨТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Кыргызстандагы нефтетрейдерлер ассоциациясы жана мунайзаттары менен соода кылган башка фирмалардын өкүлдөрү бүгүн Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүшүп, 1-августтан тартып бензин 1 сомго кымбаттай тургандыгын маалымдашты.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Олег Забаранын айтымында, үстүбүздөгү жылдын август айынан баштап Кыргызстанда мунайзаттарына баа жогорулайт. Анын ичинде бензинге баа бир сомго өсөт. Анын себебин Олег Забара мындайча түшүндүрдү:

- Мунайзатына баанын өсүшү - дүйнөдөгү бардык мунай чыгаруучу ишканалардын сонку ондогон жылдар бою айрыкча жаз, жай мезгилдери бааны көтөрүүсүнөн болууда. Анкени, жылдын бул мезгилдеринде дүйнө жүзү боюнча мунайга муктаждык өсөт. Ал эми мунай өндүрүүчүлөр ошол мезгилде бааны жогорулатып, ири өлчөмдө пайда алууну көздөшөт. Мындай көрүнүш өз мезгилинде Кыргызстандагы баанын жогорулашынын башкы себеби. Экинчиден, Казакстан жылына 15-августан 15-октябрга чейин башка өлкөлөргө мунай чыгарууга тыюу салат. Быйылкы жылы Казак бийлиги башка өлкөлөргө мунай чыгарууну биринчи апрелден баштап токтотту. Бул дагы Кыргызстандагы мунайзатына баанын өсүшүнө себеп болот.

Олег Забаранын айтымына караганда, Кыргызстандын бензинге болгон муктаждыгы жылына 350 - 400 миң тоннага барабар. Ал эми мынчалык өлчөмдөгү бензин коңшулаш Казакстан, Орусиядан алынып келинет.

Ал эми жай айлары мунайзаттары Орусиянын Омск, Павлодарск жана башка мунай ишканаларынан алынат. Ошондой эле, Олег Забара дайыма эле Орусиянын ишканаларынан мунайзатын алуу Кыргызстан үчүн пайдасыз экендигин айтып, анын себебин жолго кеткен жана башка чыгымдардын көптүгү менен түшүндүрдү. Учурдагы абалдан чыгуу үчүн Олег Забара төмөндөгүлөрдү сунуштады:

- Кырдаалдан чыгуу үчүн Нефтетрейдерлер ассоциациясы келээрки жылдан баштап кошумча нарк салыгынын өлчөмүн 5%га азайтууну, тагыраак айтканда, учурда Кыргызстанда кошумча нарк салыгынын өлчөмү 20 пайыз болсо, эми аны 15 пайызга чейин төмөндөтүү керек. Мындан сырткары, мунайзаттарын мыйзамсыз сатуудан эле Кыргызстан жылына 300, 400 миллион сом чыгымга учурайт. Ошондуктан, биз өлкөдө мунай затынын мыйзамсыз сатылышына көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштайбыз.

XS
SM
MD
LG