Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Ирактын тышкы карыздары реформаларды үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн


Бул тууралуу өткөөл өкмөттүн финансы министри Абил Абдел Манди билдирди. Ирактын 120 миллиард долларга чукул карызы бар. Бул өтө оор жүк деп айтты министр. Анын айтымында, айрым өлкөлөр аласасынан кечкенге даяр экендигин билдиришти. Бирок министр конкреттүү эч кандай өлкөнү атаган жок. Абдел Манди азыркы өкмөт мындан он төрт жыл мурда Кувейтке кол салган кезде курман болгондор үчүн кун төлөп берүүнү улантканга ниеттүү экенин тастыктады. Эл аралык валюта фондусу Ирактын өткөөл өкмөтүн ырасмий түрдө тааныды. Мунун өзү Иракка фиансылык жардам көрсөткөнгө жол ачмакчы.

XS
SM
MD
LG