Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:26

"ЖЕР ҮЙДҮН" АЛТЫНЫН ЫЛГООЧУ ФАБРИКА КУРУЛА БАШТАДЫ


Машакбай Рахманкул уулу, Талас Таластагы "Жер үй" алтын кенинде фабриканын курулушу башталды. 2005-жылдын жай айларында биринчи килограмм алтындын алынышы күтүлүп жатат. Бирок коомчулукту алтын маселеси эмес, аны иштетүүдөн келип чыга турган уулуу калдыктарды сактоочу жайдын коопсуз курулушу тынчсыздандырууда.

Кыргызстан уулуу калдыктар сакталган кооптуу аймак экендиги дүйнөлүк коомчулукка белгилүү болуп калды. Кажысай, Миңкуш, Майлуусуудагы уулуу жайлар Борбор Азиядагы мамлекеттер үчүн да коркунуч туудуруп жаткан учур. Совет доорунан калган мындай "мурастардан" арылалбай жаткан Кыргызстан Таластан дагы бир уулуу жай камдап алышы мүмкүн деген тынчсыздануу пайда боло баштады.

"Жер үй алтын кенин" иштетүү укугуна ээ болгон Түштүк Африкалык "Норокс" фирмасы алгачкы техника экономикалык негиздемесинде уулуу калдык сакталуучу жай Кара-Ой айылынан үч гана чакырым жерде курулмак.

Кыргыз Республикасынын экология жана чукул кырдаалдар министрлиги бир нече өкмөттүк эмес уюмдар, кен жайгашкан аймактын эл-журту бул долбоорго техникалык айрым дооматтарды коюшуп, бир нече ирет экологиялык коопсуздук боюнча коомдук талкууларды уюштурушту.

Акыры элдин үнү угулуп, биринчи долбоор өзгөртүүгө дуушар болду. Бул туурасында алтын кени жайгашкан Талас районундагы Бекмолдо айыл кеңешине караштуу Кара-Ой айылында түзүлгөн "Жер үйдүн экологиясы" өкмөттүк эмес уюмдун жетекчиси Каныбек Шүкүралиев пикир бөлүштү:

- Биздин "Жер үйдүн" экологиясы боюнча түзүлгөн атайын комитетибиз бар болчу. Биринчи койгон талабыбыз - экологиялык маселе болчу. Айылга, жакын жерге жайгашкан Карасай деген жерде уулуу заттарды сактоочу жай курулмак. Азыркы күндө элдин койгон талабы боюнча экологдор, МЧС, эл киришип отуруп биринчи жеңишке жеттик: уулуу заттарды сактоочу жай эки километрге дагы нары жакка жылды.

Талас облусунун курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын жетекчиси Эмир Умуралиев уулуу калдык сактоочу жайдын курулуш өзгөчөлүгү туурасында буларга токтолду:

- Биринчи вариантта уулуу заттар агуучу бир эле түтүк каралган. Бүгүнкү күндө экөөсү каралып атат. Бирөөсү иштейт, экинчиси кокустук учурунда пайдаланылат. Түтүктөрдүн узундугу мурда 22 чакырым болсо, азыркы күндө 18 чакырым болду. Кара-Ой айылынан 5 чакырым түштүк жакка жылды. 15 чакырымда өзү кетет, 3 чакырым болсо насостун жардамы менен хвостохранилищага айдалат. Уу заттарды сактоочу жайдын жалпы аянты 80 гектарды түзөт. Эртең биздин абабыз, жер, жер астындагы суулар булганат деп эл тынчсынданышы мүмкүн. Ошолорду алдын ала көзөмөл жүргүзүү максатында көзөмөлдөөчү беш скважина курулуп, бүгүнкү күндө иштеп атат.

Андан аркы сөзүндө Эмир Умуралиев хвостохранлищанын курулушу тууралуу кыскача айтып өттү:

- Уулуу заттар жер алдындагы сууларды булгабоо максатында ошонун чарасына 2 мм. калыңдыктагы атайын пленка төшөлөт. Анын үстүнө атайын нымдалган сары топурак төгүлүп, 45 см. суглинок бекитилет. Андан тышкары, анын үстүнө экинчи ирет ошондой эле пленка төшөлүп, үстүнө дагы 45 см. калыңдыкта суглинок төшөлөт. Жалпы көлөмү 90 сантиметрдеги суглинок төшөлүп, капталат. Дагы бир айтып кетүүчү нерсе - бул хвостохранилище туюк болуп курулат, уулуу суулар ошол жерден сыртка агып чыкпайт. "Жер үй" алтын кен комбинатынын курулушундагы дагы бир жаңылык: (мындай нерсе Кумтөр алтын кен комбинатында жок), бул - чыпкалоочу жай. Бул жай буюрса биздин алтын кен комбинатында курулмакчы жана иштеп, өзүнүн эффектүүлүгүн көрсөтмөкчү.

Кумтөрдүн алтынын иштетүүнүн экономикалык жана экологиялык каталары Кыргыз өкмөтү, коомчулук үчүн ачуу сабак болду. Ал катачылыктарды экинчи жолу "Жер үй" алтын кенинде кайталабоого көрүлүп жаткан мындай аракеттер жемиштүү болобу же жокпу - аны келечек көрсөтөөр.
XS
SM
MD
LG