Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

ВЛАДИМИР РУШАЙЛОНУН БИШКЕК САПАРЫ


8-июлда Бишкекке үч күндүк иш сапары менен Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Рушайло келди. Жаңы кызматка дайындалгандан кийинки иш сапарын Борбор Азия республикаларынан баштаган В.Рушайло буга чейин Тажикстан жетекчилиги менен жолугушуп, сүйлөшүү жүргүздү. Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, В.Рушайло президент А.Акаев, өкмөт башчы Н.Танаев, тышкы иштер министри А.Айтматов менен жолугушат.

Күнкорсуз мамлекеттер шериктешигине кирген эгемен өлкөлөр буга чейин кызматташууну өнүктүрүү амалында оголе көп макулдашуу, келишимдерге кол коюшкан. Анткен менен күнкорсуз мамлекеттердин ичара мамилеси биртоп саясий, экономикалык, аскерий маселелерден улам кыйла салкын тартып келатканы деле жашыруун эмес. Ошондон сөзү менен иши анча коошпогон морт биримдиктин ордуна жаңы түзүмдөрдү уюштуруу, экономикалык-саясий ымаланын башкача формаларын издеп табуу сунушу такай айтылып келет.

Москва шериктештиктин ишин жандантууга куштар. Аны жаңы кызматка дайындалган В.Рушайлонун Борбор Азия республикаларына иш сапарынан улам деле боолголосо болот. Орусиянын мурунку Коопсуздук кеңеш катчысы Бишкекке иш сапары менен бир нече ирет келип кеткен. Кыргызстандык кесиптеши Мисир Ашыркулов менен биртоп маселелерди чечүүгө жетишкенин жарыя кылган жайы бар. Бул ирет Владимир Рушайло Бишкекке жаңы кызматтын жетекчиси катары келип отурат. «Манас» абамайданында ал бул жерге келген иш максаты тууралуу мына буларды айтты:

- Жаңы кызматка келгенден кийин мен мамлекет, өкмөт башчыларына өзүмдү тааныштырып, тышкы иштер министри менен жолугушум керек. Алардын шериктештиктин стратегиясы жана милдеттерине байланышкан биртоп маселелер боюнча кеп-кеңешин угушум зарыл.

Шериктештиктин алдыдагы орчун иштери тууралуу айтуу али эрте экенин белгилеп, Владимир Рушайло баары мезгили келгенде ачыкка чыгарын билдирүү менен чектелди:

- Менимче, окуядан алдыга озбош керек. Кандайдыр бир бүтүм чыгарыш үчүн формалдуу жолугушууларды өткөрүү зарыл. Анын үстүнө саясатты бизде мамлекет башчылары аныктайт. Алар аныктагандан кийин гана макасаттар менен милдеттер тууралуу айтууга болот. Азырынча алар экономикалык интеграцияга ыктап турушат. Анан да азыркы учурдун чалкеш маселесин биргелешип чечүүнү оң көрүп турушат. Бул, албетте, баңгизаттарды ташуу, террорчулук, уюшкан кылмыштуулук, жашыруун куралдарды сатуу, мыйзамга кайчы келген миграция. Булар жөнүндө мурда деле айтылган. Бирок да жагдай курч бойдон калууда. Ошон үчүн жаңы форма менен усулдар керек болууда,- деп айтты Владимир Рушайло.

Буга чейин Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөр кол койгон макулдашуу, келишимдер иш жүзүндө кандай аткарылып жатканын сураганыбызда Владимир Рушайлонун берген жообу момундай болду:

- Мен сизге бир суроо берейинчи. Сиз бул суроолорду башка жетекчилерден сурабайсызбы. Себеп дегенде мен чарбаны жаңы эле өткөрүп алып атам. Сиз болсо мага чейин иштегендер жооп берчү суроону берип жатасыз. Айтпадымбы, мен иш менен таанышам, өзүмү тааныштырам. Ошондон кийин гана суроого жооп беришке даярмын. Биз азыр сиз экөөбүз окуядан алдыга озуп кетип атабыз.

Коопсуздук, уюмдун каржылык иштеринен тышкары Владимир Рушайло ушул жылдын сентябрында Астанада өтүүчү өлкө жетекчилеринин чоң жыйынында каралчу маселелерди да тактамакчы.

- КМШнын кезектеги жыйынында маселелердин комплекси каралат. Аны мамлекет, өкмөт башчылары, тышкы иштер министрлери аныктайт. Ушундай,- деп алакан жайды Владимир Рушайло.

XS
SM
MD
LG