Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:03

Австриянын жаңы президенти Хайнц Фишер ант берди


ВЕНА. Австриянын жаңы президенти Хайнц Фишер ант берди. Кош палаталуу парламенттин биргелешкен сессиясында болгон ант берүү аземи муңайым маанайда өттү, анткени өлкө президент Томас Клестилге аза күтүүдө. Клестил жүрөк талмасынан кийин шейшемби күнү каза болгон. 65 жаштагы социал-демократ Хайнц Фишер апрель айында өлкөнүн президенти болуп шайланган. Австриянын президенти номиналдуу бийликке гана ээ, бирок анын пикири айрым маанилүү маселелерде жана өкмөттү түзүүдө эске алынат.

XS
SM
MD
LG