Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

Иракта америкалык беш аскер курман болуп, жыйырмасы жараат алды


БАГДАД. Ирактын Самарра шаарында улуттук гвардиянын баш кеңсеси аткыланып, андан бери дегенде беш америкалык солдат курман болду, 20 америкалык солдат жана Ирактын 3 гвардиячысы жараат алды. Самаррада көчө салгылаштары жүрүп жатат. Америкалык аскерлердин аба чабуулдарынан Самаррада ирактык 3 жаран курман болду. Анын аралыгында, АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд Ирактын убактылуу өкмөтүнүн коопсуздукту чыңдоо чараларын кубатты. Кечээ Ирактын өкмөт башчысы кол койгон мыйзам өлкөдө зарыл болгон учурда чукул кырдаал эрежелерин киргизүүгө уруксат берет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG