Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Газа тилкесиндеги ок атышта 7 палестин курман болду


ГАЗА. Газа тилкесиндеги Бейит Ханун шаарында израилдик аскерлерлер менен палестиндердин ок атышуусу болуп, андан жети палестин курман болду. Алардын экөө "Ал-Аксынын шейиттери" менен "Хамас" тобунун мүчөлөрү. Ок атышта израилдик бир офицер жарадар болду. Региондо 10 күндөн бери рейд өткөрүп жаткан жөөт аскерлери Израилди Газа тилкесинен ракеталар менен аткылап жаткан согушкерлерди жок кылууга аракеттенип жатышат. Хан Юнис деген качкындар ларегинде жөөт аскерлери 25 турак үйдү кыйратып салышты. Эки ортодогу кагылыштарда 4 палестин жараат алды.

XS
SM
MD
LG