Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Россиянын финансы министрлиги ЮКОСтун катын алган эмес


МОСКВА. Россиянын финансы министрлигинин айтымында, ЮКОСтун жетекчилиги компаниянын акцияларынын контролдук пакетин, салык карызына чегерип өкмөткө өткөрүп берүү сунушу менен кайрылган эмес. Ал эми башка бир маалыматтар боюнча, компаниянын мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковскийдин сунушу мындан эки күн мурда финансы министрлиги менен президенттин администрациясына келип түшкөн.

Бүгүн ЮКОСтун 2000-жыл үчүн 99 миллиард рубль өлчөмүндөгү карызын төлөп берүүнүн мөөнөтү соңуна чыгат. ЮКОСТУН өкүлү Хьюго Эриксен журналисттерге берген маалыматында:

- Биз мунай казып алууну жана аны сатууну улантып жатабыз. Мунасага келүүнү каалайбыз, бирок банктагы эсептерибизди токтотуп салышты, убакыттын өтүшү менен кыйынчылыктар көбөйүүдө. Бизге адилеттүү айып тагылып жатканы талаштуу, бирок ошого карабастан биз салыкты төгүп бергенге шарт түзүлүшүн каалайбыз,- деп айтты.

XS
SM
MD
LG