Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:23

Кыргызстанда алты кызматкер тыңчылык кылды деп камалды


БИШКЕК. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Калык Иманкулов чет өлкөнүн пайдасына чалгынчылык кылды деп камакка алынгандардын ысымдарын ачыкка чыгарды. Мамлекеттик байланыш агенттигинин кызматкери Анвар Макеев, Ички иштер министрлигинин кызматкери Чолпон Эргешева, ошол эле министрликтин мурдагы кызматкери Улугбек Ашымбеков, ишкер Курбан Хаваншынов жана Университеттин профессору Рашид Юсупов чет өлкөнүн пайдасына тыңчылык кылышкан деп айыпталып камакка алынды.

Иманкуловдун айтымында, аталгандар чет өлкөдөн 60 миң доллар акча алышкан жана алардын үйлөрүн тинткенде "жашыруун" жана "өтө жашыруун" деген белгилери бар 700гө жакын документ табылган. Иманкулов анын кызматы аталгандардын баарын бир жылдан бери аңдып келатканын айтты. Алгач республиканын расмий булактары экстремисттик топтордун пайдасына тыңчылык кылды деп, жогорку даражалуу 10 кызматкер камалгандыгын билдирген болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG