Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

ТҮШТҮК ОСЕТИЯ ГРУЗИН ЖООКЕРЛЕРИН БАРЫМТАГА АЛДЫ


Азиза Турдуева, Прага Грузия менен Түштүк Осетиянын жаңжалы курчуп баратат. Жума күнү аны жөнгө салуунун жолдорун талкуулоо үчүн Москвага Грузиянын бийлик өкүлдөрүнүн келиши күтүлүүдө.

Грузия менен Түштүк Осетиянын ортосундагы соңку кризис бейшемби күнкү осетин жикчилдер тобунун Грузиянын Ванати айылына кирип, чабуул жасашы менен ого бетер курчуду. Ал жерде жикчилер бейпилдикти сактоо тобундагы 30-40ка жакын грузин жоокерин барымтага алган. Грузиянын расмий маалыматтары боюнча осетин жикчилдери менен болгон кагылышуудан эки грузин жоокери жаракат алган. Грузиянын премьер-министри Зураб Жвания бул окуяны провокация катары баалады. Ал бул чыр-чатак тынчтык жолу менен чечилүүгө тийиш деген пикирин билдирди:

- Кырдаал биздин көзөмөлүбүздө турат деп айтсак болот. Мен дагы бир ирет айтып кетким келет, өзгөчө азыр, кырдаал кескин курчуп турган кезде, президент Михаил Саакашвилинин жана биздин өкмөттүн саясаты Түштүк Осетия менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө багытталат.

Ал эми өзүн-өзү эгемен республика деп жарыялаган Түштүк Осетиянын бийлик өкүлдөрү өз кадамдарын негиздүү деп айтышууда. Алардын пикиринде, кармалган грузиндер бейпилдикти орнотууга кызмат кылбастан, тескерисинче, коопсуздукту бузушууда.

Грузиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасы Вено Мерабишвили болсо Түштүк Осетиянын президенти Эдуард Кокоитини аймактагы кырдаалды курчутуп жатат деп күнөөлөдү:

- Биздин маалыматтарга караганда, Кокоити согуш ачууга даяр. Анткени ал үчүн мындай кадам бийликте калуунун бир гана жолу экендигин ал жакшы түшүнөт.

Бейшембиде Орусиянын тышкы иштер министри Александр Яковенко Орусия Түштүк Осетияга байланыштуу кырдаал боюнча тынчсызданып жаткандыгын билдирди:

- Москва тараптарды өзгөчө сабырдуулукка, ошондой эле мыйзам нормаларын бузуучу жана абалды ого бетер курчута турган иш-аркеттерге жол бербөөгө чакырат.

Ал эми Иранда иш-сапары менен жүргөн Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Тбилисиге шашылыш түрдө кайтып келди.

XS
SM
MD
LG