Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

ОБЛУСТУК ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫНА ПАРТИЯ ӨКҮЛДӨРҮ АЗ КИРДИ


Облустук шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө Кыргызстандын 42 саясий партияларынын жетиси гана өз өкүлдөрүн сунуш кылган. Электен партиялардын 17 гана өкүлү сыноодон өтүштү. Мындай маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын облустук түзүмдөрүнүн курамы бекитилген жыйынында айтылды. Борбор шайлоо комиссиясы шайлоо алдында үгүт жүргүзүү, бул ишке чет элдик маалымдоо каражаттарынын катышуу маселелерин талкуулады.

Жаңыланып аткан облустук шайлоо комиссияларына расмий каттоодон өткөн 42 саясий партиянын ичинен жетиси гана өз өкүлдөрүн киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев мындайча түшүндүрдү:

- Мен түшүндүрүп айттым. Гезитке чыккандан кийин биз эч кимге телефон чалбашыбыз керек. Үчтөн партия бардык жерде болду. Эми убактысында бербесе. Бул жерде мындай иш… Бардык партиялар бийлик үчүн күрөшөт. Эгер алар өздөрү кызыкпаса ким артынан чуркайт. Кереги жок да.

Борбордук шайлоо комиссиясынын уюштуруу жана усулдук иштер бөлүмүнүн башчысы Галия Алымбекова партиялардын азы гана өз өкүлдөрүн сунуш кылышканын маалымдады:

- Булар «Менин өлкөм», «Адилет», «Алга, Кыргызстан!», «Атамекен», КДК, «Элет», Кыргызстан кыз-келиндеринин «Жаңы күч» демократиялык партиялары. Жалпысынан алар 22 өкүлүн сунуш кылышты. Облустук жыйындардагы чүчүкулак тартуудан соң алардын 17 өттү. Шайлоо комиссияларына 27 кыз-келиндин талапкерлиги көрсөтүлүп, алардын 18 мүчөлүккө шайланышты. Жалпысынан облустук шайлоо комиссияларынын курамынын үчтөн бири жаңыланды.

Жыйында шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн жол-жобосу, ага чет элдик маалымдоо каражаттарынын катышуусу кандай болору жайында да кеп болду. Борборшайлооком төрагасы Сулайман Иманбаев чет элдик маалымдоо каражаттары үгүт иштерин жүргүзө албастыгын, бирок да шайлоо тууралуу кабарларды таратууга акылуу экенин билдирди.

Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дастан Ходжаев быйыл күздө жергиликтүү кеңештерге, андан соң парламентке өкүлдөрдү талдоо жоопкерчилиги турганын айтып, мындай түйшүктүү ишке шайлоо комиссиясы даяр экенин билдирди:

- Облустук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы түзүлдү. Бул курам беш жыл иштейт. Күздө боло турган жергиликтүү айылдык кеңештердин шайлоосуна даярдык көрүп атабыз. Андан кийин эле Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо болот. Биздин республикабызда 42 партия каттоодон өткөн. Ошту алсак, 5 партия өздөрүнүн сунушун берди. Бирок 3 эле орун бар болчу. Азыр партия көп, бирок сапаты жагынан ушуга келип атат го деген ойдомун. «Элет» партиясы күчтүү болуп баратат. Ушул партиянын жетекчилеринин бири Н.Касиев болгондон активдүү иштеп атат го. Мен бул нерседен эч бир жамандык көргөн жерим жок.

Чүй облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы Айчүрөк Эшимова эмитен эле депутаттыкка талапкерлер элге чыга баштаганын, алардын белек-бечкегин карапайым калктын тартынбай ала бериши туура экенин ачыкка чыгарды:

- Эми жер-жерлерде сөздөр жүрүп эле атат. Азыркы депутаттардын көбү айылдарды, өздөрү шайланган жерлерди кыдырып, элге жагалык деп өздөрүнүн оокатын, пикирлерин жасап атышат. Булар эрте баштап атканынын себеби - жарлык чыккандан кийин азыркы жасап аткан үгүт иштерине жол берилбейт. Баары мыйзам ченеминде жүрөт. Ошону билип азыркы депутаттар иш жүргүзүп атышат. Жалаң эле депутаттар эмес, бизнесмендер да жүрүшөт. Элдин арасынан угуп-көрүп атабыз. Бирдемелерди таратып атышат. Мен ойлойт элем, эл ала берсин. Бирок да, ар бири кабинага киргенде өзүнүн ою менен болот. Дагы бир айта турган нерсе. Жанагинтип элге жардам бергендери, суусун чыгарып бергени, майда-чүйдө жардам бергени жакшы эле деп ойлойм. Азыр барып жардам берип атышканын жаман болот деп ойлобойм.

Кыргызстанда шайлоо даярдыгы башталды. Ал жергиликтүү кеңештерден өрүш алмакчы.

XS
SM
MD
LG