Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

ЮКОСтун ЧАТАГЫ УЛАНУУДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Россиянын ЮКОС мунай компаниясынын 3 миллиард 400 миллион доллар өлчөмүндөгү салык карыздарын төлөп берүү мөөнөтү соңуна чыкты. Эгерде компания салык карыздарынан кутулбаса банкротко учурайт. Ал эми чет элде болсо Россиянын ЮКОСко каршы көрүп жаткан чаралары кескин сынга алынууда. Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму ЮКОС менен анын ээси Михаил Ходорковскийди жазалоодо Россия өз мыйзамдарын бир жактуу колдонду, деп айыптады.

Уюм билдирүүсүндө Россияда ЮКОС мунай компаниясы сыяктуу салык мыйзамдарын бузган чоң жана кичине фирмалар миңдеп саналаарын , бирок алардын ичинен эмнегедир дал ушул компания өкмөттүн догуна калганын айтат.

Уюмдун билдирүсүү ЮКОСтун айланасындагы окуялар боюнча чет элден айтылган сын-пикирлердин бири гана. Сынчылардын көпчүлүгү ЮКОСко каршы колзголгон иштин төркүнү экономикалык кылмышта эмес эле, Ходорковский менен президент Владимир Путиндин өз ара мамилелеринде экенин айтышат.

ЮКОС миллиарддаган доллар өлчөмүндөгү салыктарды төкпөй койгон деп айыпталып, анын банк эсептериндеги кыймылы соттун чечими менен токтотулду. Сот, ошондой эле, ЮКОС карыздан кутулуу максаты менен өзүнө тийешелүү мүлктү сатканга укугу жок, деген бүтүм чыгарган.
Компания өзүнө койулган айыпты четке кагууда. 8-июлда ЮКОСтун өкүлү Хюго Эриксен журналисттерге:

- Биз мунай өндүрүүнү жана аны сатууну улантып жатабыз. Өкмөт менен мунасага келсек дейбиз, бирок биздин банк эсептерибизди токтотуп салышты, ошон үчүн кыйынчылыктар күн өткөн сайын көбөйүп баратат. Бизге тагылган айыптын адилеттүүлүгү талаштуу, ошого карабастан биз салыкты төгүп бергенге даярбыз, бизге ал үчүн мүмкүндүк берилишин каалайбыз, - деп айтты.

Мындан бир нече күн мурда маалымат каражаттары компаниянын жетекчилигине шилтеме берип, Ходорковский Россиянын финансы министрлигине кайрылып, салыктын эсебине чегерип өкмөткө өзүнүн акцияларын өткөрүп берүүнү сунуш кылыптыр, деп кабарлашкан. Бирок 8-июлда Россиянын финансы министрлиги бул маалыматты төгүнгө чыгарды.

Компаниянын негиздөөчүсү Ходорковский азыр түрмөдө. Октябрда камакка алынган ишкерге кирешесин жашырып, бир миллиард долларга жакын салыкты төкпөй койгон, деген айып тагылган. Ошону менен бирге эле ал 90-жылдардагы менчиктештирүү жараянында алдамчылык жолу менен элдин эсебинен байып кеткен деп айыпталат. Бирок Ходорковскийдин тарапкерлери ал убакта менчиктештирүүнүн капшабы менен көптөгөн кишилер капитал топтоп алышканын жана бул пландуу экономикадан эркин экономикага өтүүдөгү кадырэсе көрүнүш болгондугун айтышат.

Еврокеңештин парламенттик ассамблеясы (ПАСЕ) ЮКОСко байланышкан процесстерге үзбөй көз салып келатат. ПАСЕнин юристи, Германиянын мурдагы юстиция министри Сабине Лойтхойззер-Шнарренбергер Ходорковский менен жолугуп, анын түрмөдөгү ахвалы менен таанышуу үчүн Россияга барганын бирок, ал аракетинен натыйжа чыкпаганын айтат.
- Май айында мен Ходорковский жана Лебедевдин ахвалы менен таанышканга ниетимди билдирдим. Бирок мага Россиянын укук мекемелери "ага уруксат берилбейт" деп жооп кайтарышты.

Келерки жумада Ходорковскийдин үстүнөн сот процесси улантылмакчы. Процесстер акционерлердин мунай компаниясына болгон ишенимин солгундатты. Апрель айынан бери ЮКОСтун акцияларынын баасы, бери дегенде, 50 процентке арзандады. Компания банкротко учурап калбасын деп чочулаган ички жана тышкы инвесторлор андан өз акчаларын кечикпестен чыгарып кеткенге шашылып жатышат.

XS
SM
MD
LG