Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:26

Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Крис Лавлейс Таласта


ТАЛАС. Алгач Крис Лавлейс Талас районундагы Талдыбулак, Чатбазар айылдарында таза суу долбоорунун аткарылышына кызыкты. Райондун борбору Көкой айылындагы саламаттыкты сактоо мекемесинде үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун жана бириктирилген оорукананын имараттарын ремонттоо жана кайра жабдуу кандайча аяктаганы менен таанышты. Бул иштер үчүн банк 2 млн. 800 миң сом акча бөлгөн. Сууну пайдалануучулардын ассоциацияларынын иши кандайча жүрүп жаткандыгы менен таанышуу үчүн Бакайата районунун айыл өкмөттөрүн кыдырып көрүп чыкты. Таанышуу иш сапары Манас районунда аяктады. Үчкоргон, Май айыл өкмөттөрү "Айтик инвестиция" программасынын алкагында алгачкы долбоорлорду аяктады. Бул окуяга байланыштуу салтанат Кызылжылдыз айылында өттү. Сапар соңунда Крис Лавлейс облус губернатору Искендер Айдаралиев менен жолугуп, Бүткүл дүйнөлүк банктын долбоорлору Таласта кандайча ишке ашырылып жатыш жагдайлары, келечекте ишке ашуучу пландар туурасында сүйлөшүүлөр жүрдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG