Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:04

Кыргызстанга инвестиция тартуу боюнча жаңы агенттик зарыл


БИШКЕК. 15-16-июлда боло турган эл аралык инвестициялык саммитте инвестиция тартуу боюнча атайын агенттик түзүү маселеси козголот. Мындай маалымат бүгүн «Инвестициялык тегерек стол» коомдук бирикмесининин аткаруучу директору Равхат Хасановдон алынды. Анын айтымында, мындай агенттикти түзүү зарылдыгы өлкөгө жылына 200-250 миллион долларлык тикелей инвестицияны тартуу зарылдыгынан улам пайда болууда.

Ал эми ЮНИДО программасынын улуттук кеңешчиси Кубат Умурзаковдун айтымында, инвестицияны тартуу үчүн алдын-ала ойлонулуп, так иштелген долбоорлорду чет өлкөлөргө сунуштоо зарыл. Андай стратегиялык багытта иш жүргүзүп, абалды ар тараптан иликтеген долбоорлорду даярдоочу атайын мекеме Кыргызстанда азырынча жок. Өлкөдөгү 15 мекеме четтен инвестиция тартып келатканы менен чыныгы инвесторлорду кызыктыргандай аракет көрүлө элек,-деди Кубат Умурзаков.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG