Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:28

У.Сарбанов маалымат жыйынын өткөрдү


БИШКЕК. Бүгүн Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов маалымат жыйынын өткөрүп, анда Орусиянын банк системасында жүрүп жаткан кыйын кырдаал Кыргызстандын банк системасына эч кандай таасир тийгизбей тургандыгын билдирди. Анын пикири боюнча, Орусиянын банк системасындагы азыркы абалды кризис деп баалоого болбойт, бул - банктарга аманатчылардын ишениминин кеткендигинен улам пайда болгон бейстабилдүүлүк. Буга Орусиядагы 1200дөн ашуун банктын ичинен 8 гана банктын айланасында болуп жаткан кризис далил.

Улан Сарбановдун айтымында, Кыргызстандын Улуттук банкында жүргүзүлүп жаткан реформа дагы улантылып, ишин жакшыртуу жана кызматчылардын натыйжалуу иштешине жетишүү аракет көрүлөт. Ал эми банктын эсеби боюнча акыркы алты айда Кыргызстанда керектөө наркынын индекси 1,01 процентке, азык-түлүк товарлардын баасы 0,02 процентке өсүп, инфляциянын өсүшү 0,3 процентти түздү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG