Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:55

КМШ өлкөлөрү ЕККУга ыраазы эмес


БИШКЕК. КМШнын Орусия баш болгон тогуз өлкөсү «Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун кош стандарт саясат жүргүзүүдө» деп сынга алган. Ал билдирүүгө кыргыз бийлигинин кол коюшу коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиевдин пикиринде, Кыргызстандын аткаруу бийлиги мындай билдирүүгө 2005-жылдагы шайлоолорго байланыштуу кол койду:

- Өзгөчө АКШ баш болгон батыш өлкөлөрү соңку мезгилдери кыргыз бийлигинен шайлоо аркылуу бийликти башка бирөөгө өткөрүүнү ачык талап кылууда. Буга байланыштуу кыргыз бийлиги Орусия менен биригип алып ЕККУга каршы кандайдыр бир кадамдарга барып, жогорудагыдай документке кол койду.

Ал эми «Демократия жана жарандык кооом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун пикиринде, кыргыз бийлигинин мындай докуменке кол коюшу ЕККУ менен Кыргызстандын ортосундагы мамилеге терс таасирин тийгизет:

- Бул кыргыз бийлигинин чоң каталыгы деп эсептейм. Бул келечекте Кыргызстандын ЕККУ менен мамилесинин начардап кетүүсүнө өбөлгө болушу ыктымал. Анткени, бул документке кол коюу менен Кыргызстан европалык адам укугу, эркиндик жана баалуулуктардан баш тартып жатат. Бул туура эмес жана бийликтин чоң каталыгы.

Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташтык туруктуу өнүгүп жаткандыгын айтып, «Кыргызстандын жетекчилиги мындай документке өнөктөш өлкөлөрдү колдоо максатында кол койду» деген пикирин билдирди:

- Кыргызстандын ичинде ЕККУга эч кандай дооматыбыз жок. Биз аталган уюм менен жакшы кызматташып жатабыз. Мындан ары да биз кызматташтыкты чыңдоого кызыкдарбыз.

Эске сала кетүүчү нерсе, ЕККУнун туруктуу кеңешинин Вена шаарында 8-июлда өткөн жыйынында Орусиянын өкүлү КМШ өлкөлөрүнүн ичинен тогуз өлкө тарабынан кол коюлган билдирүүнү окуп берди. Кайрылууда ЕККУ «кош стандарт саясатын жүргүзүүдө» деп сынга алынып, уюмду реформалоо сунушталган. Кайрылууга Грузия, Азербайжандын жетекчилиги кол койгон эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG