Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:57

Гаага соту Израилдин “коопсуздук дубалын” карады


Гаага. Бүгүн Гаагадагы эл аралык сот Израиль тарабынан Иордандын батыш жээгинде “коопсуздук дубалынын” курулушуна байланыштуу ишти карады. Соттун чечимине ылайык, Иордандын батыш жээгинде коопсуздук дубалын куруу эл аралык мыйзамдарды бузууга жатат жана буга чейин тургузула баштаган бул дубал алынышы керек деп айтылган.

Палестиндер мындай дубалдын курулушу алардын жерлерин Израиль тарабынан ээлегендикти түшүндүрөт деп айтышууда. Бул жөнүндө Палестин автономиясынын жетекчиси Ясир Арафат да бүгүн билдирди. Ал эми Израиль болсо “коопсуздук дубалы” палестин террористтеринин чабуулдарынан сактайт деген пикирде.

“Коопсуздук дубалын” курууга байланыштуу иштин Гаагадагы эл аралык сотто каралышы жөнүндөгү чечим Бириккен Улуттар Уюмунун атайын резолюциясы менен өткөн жылдын декабрь айында кабыл алынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG