Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:15

Барымтага алынган аскер тууралуу жаңы маалымат тарады


Вашингтон. Буга чейин Ирак козголоңчулары тарабынан барымтага алынган америкалык деңиз жоокери, теги ливандык атуулга байланыштуу АКШнын аскер жетекчилиги маалымат таратты. АКШнын генералы Девид Родригес кечээ Пентагондо өткөргөн маалымат жыйынында АКШлык деңиз жоокери Васеф Али Хассун жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирди:

- Капрал Хассун азыр коопсуздукта. Ал азыр АКШнын Бейруттагы элчилигинде. Бизде азырынча анын Ирактан Ливанга кандайча келип калгандыгы боюнча маалыматтар жок. Учурда бул жоокердин кандайча туткунга түшкөндүгү жана кандайча Ливанга келип калгандыгына байланыштуу иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.

Буга чейин “Ал-Жазира” телеканалынан барымтага алынган ливандык атуул Васеф Али Хассун согушчандарга Американын куралдуу күчтөрүнүн катарынан чыга тургандыгын убада кылды деп маалымдалган. Капрал Хассун июнь айында Фаллужа шаарына жакын жерде барымтага алынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG