Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:11

Кытай АКШнын Тайванга карата саясатына тынчсыздануусун билдирди


Бээжин. Кытай Эл Республикасы АКШ Тайванды заманбап курал-жарактар менен камсыздоону улантып жаткандыгына карата тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу Кытайдын мамлекет башчысы Ху Цзиньтао АКШ президентинин улуттук коопсуздук иштери боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс менен бүгүн Бээжиндеги жолугушуусунда маалымдады.

Кытайдын куралдуу күчтөрүнүн жогорку жетекчиси Цзянь Цземинь да Кондолиза Райс менен болгон жолугушуусунда АКШ Кытай өзүнө таандык аймак катары эсептеген Тайванды курал-жарактар менен камсыздоону токтотууга тийиш экендиги жөнүндө айтты.

Цзянь Цземинь ошону менен бирге АКШ Тайванга курал-жарактарды бара-бара токтотуу боюнча 1980-жылдарда өзүнө алган милдеттемени аткарууга тийиш экендигин эскертти.

Кондолиза Райс АКШ Тайвандын өз алдынчалыкка жасаган аракеттерин колдоого алып жаткан жери жок деп билдирди. Бирок Тайванга карата согуш ачыла турган болсо, анын өзүн коргоого дарамети жете тургандыгын да айта кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG