Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:14

Массалык кыргындын курмандыктары кайрадан жерге берилет


Сараево. Босниянын Сребреница шаарына кайрадан жерге берүү үчүн босниялык 300дөн ашуун мусулмандардын сөөгү алынып келинди. Алар 1995-жылдын 11-июлундагы массалык кыргындын курмандыктары болушкан. Бул күнү босниялык сербдердин жоокерлери 8 миңге жакын мусулман эркектери менен балдарын атып өлтүрүшкөн. Буга чейин ошондо атылгандардын ичинен 5 миң маркумдун сөөгү туугандары тарабынан таанылган.

Жыл сайын өтүүчү аза күтүү каадасына ушул жекшембиде Сребреница шаарына Босниядан 20 миңге жакын адам чогулат деп күтүлүүдө. Бириккен Улуттар Уюмунун аракеттери менен Босниянын чыгышында массалык кыргындардын курмандыгы болгон 5 миңге жакын адамдын сөөгү табылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG