Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Түштүк Осетия грузин жоокерлерин бошотту


Тбилиси. Түштүк Осетин бийликтери кечээ туткунга алынган бейпилдикти сактоо тобундагы 36 жоокердин баарын бошотту. Түштүк Осетиянын өкмөтүнүн маалымат катчысы Ирина Гоглоева маалымдагандай, адегенде кармалгандардын ичинен үчөө оор кылмыш иштерин жасаган деген шек менен камакка алынган. Бирок алар да ушул эле күнү бошотулду.

Түштүк Осетиядагы бейпилдикти сактоо боюнча грузин батальонунун жетекчиси Михел Кебадзе бүгүн “Азаттык” Радиосуна берген маегинде төмөнкүлөрдү кабарлады:

- Туткундалган жоокерлер бүгүн бошотулду. Алды менен 32 адамдан турган биринчи топ бизге өткөрүлүп берилди. Калган төртөө туткунда калтырылды. Бирок беш мүнөт өтпөй эле, калган туткундар да бошотулду. Аларды Грузиянын тышкы иштер министри Ираклий Окруашвили күтүп турган. Бошотулгандарды автобустар менен алып кеттик. Жоокерлер мурда макулдашылгандай, эч кандай шарттарсыз бошотулду.

Түштүк Осетин бийликтери кечээ Цхинвалиден түштүккө карай жайгашкан Ванати айылында Грузиянын бейпилдикти сактоо тобундагы атуулдарын туткунга алган. Москва эки тарапты тең сабырдуулукка чакырган.

Ал эми АКШнын мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Ричард Баучер грузин-осетин чыр-чатагынын белгилүү деңгээлде жөнгө салынгандыгына байланыштуу мындай пикирин билдирди:

- Биз Түштүк Осетияда адамдардын туткунга алынгандыгын айыптайбыз. Биз Грузиянын аймактык бүтүндүгүн ырастоонун, мындан ары да кризистик кырдаалдар түзүлө турган болсо, аларды тынчтык менен чечүүнүн эң дурус жолу - интенсивдүү диалог деп эсептейбиз.

XS
SM
MD
LG