Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

КМШ МАМЛЕКЕТТЕРИ ЕККУну СЫНГА АЛЫШТЫ


Төрөкул Дооров, Москва 8-июль күнү КМШнын курамындагы тогуз мамлекеттин президенттери Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) ишмердүүлүгүн кескин сынга алган биргелешкен билдирүүсүн жарыялашты. Анда акыркы жылдары ЕККУ ага жүктөлгөн милдеттен алыстап кеткендиги жана айрым мамлекеттердин ички саясатына кийлигише баштагандыгы тууралуу айтылат.

Көз карандысыз шериктеш мамлекеттердин бул өңдүү биргелешкен билдирүүсү бери турсун, алардын ой-максаттары бир жерден чыккан бул өңдүү жагдайлар көптөн бери саясатта орун ала элек болчу.

Чү! дегенде эле бир добуштан тогуз мамлекет: Орусия, Беларус, Молдова, Армения, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан менен Украинанын президенттери бир добуштан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму «биздин ички саясатыбызга кийлигише баштады» деп чыгышты. Мамлекет башчылардын ою боюнча, аталган уюмдун акыркы жылдары көрүп жаткан аракеттери жалаң эле «адам укуктары менен демократиялык баалуулуктардын абалын изилдөөгө арналып калды».

Президенттердин билдирүүсүн окуган Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Владимир Чижовдун айтымында, аталган мамлекеттердин президенттери арызды 3-июлда Москвада өткөн жолугушууда кабыл алышкан. Ал күнү КМШнын тогуз президенти Москванын борбордук ипподромунда өткөн ат чабышка келип, формалсыз жолугушкан болчу.

- ЕККУнун ишмердүүлүгүнө тийешелүү проблемалар КМШ мамлекеттери үчүн жаңылык деле эмес. Алардын негизгилеринин бири: Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму өзүнө жүктөлгөн саясий талкуу боюнча кеңири форум болуп берүү милдетинен алыстап кеткендиги, - деди Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Владимир Чижов.

«Орусия глобалдуу дүйнөдө» аттуу журналдын башкы редактору Федор Лукьяновдун оюнда, президенттердин арызында да чындык бар. Анткени акыркы мезгилдерде ЕККУ эларалык саясатта маанисин чындап эле жоготуп койду:

- Мындан 30 жыл мурдараак карама-каршы тараптар бетме-бет олтуруп, тил табышуусу үчүн кызмат кылган структуранын бүгүн кереги деле болбой калгансыйт.

Анткени аскерий-саясий маселелерди чечүү жоопкерчилиги азыр көбүрөөк Түндүк атлантикалык альянска - НАТОго жүктөлүп келатат. Ал эми экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү милдетин Европа Биримдиги мойнуна алды.

Ошол эле учурда, «Саясий маалымат борборунун» тышкы саясат боюнча эксперти Иван Данилиндин айтымында, арыздын авторлорунун ЕККУнун ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтерди так көрсөтпөй, жалпы ой-пикирлер менен чыгышканы эларалык саясатта анчейин деле пайдалуу болбойт:

- Эгерде президенттер ЕККУнун аракеттеринде байкалган кемчиликтерди ачык мисалдар менен айтышканда натыйжалуу болмок. Алар тетирисинче, аталган уюмду каралап, «биздин өлкөлөрдөгү адам укуктарына тийешелүү проблемаларга тийбегиле!» деген өңүттө сүйлөштү. Бул тышкы саясатта алардын билдирүүсүнүн деңгээлин төмөндөтүп салды десем болот.

Кантсе да билдирүү айтылды. Эми ал кандай реакцияны жаратышы мүмкүн деген суроо менен «Саясий технологиялар борборунун» өкүлү Сергей Михеевке кайрылдым:

-Президенттердин билдирүүсүн ЕККУга жиберилген белги десек болот. Бул белги «акыркы жылдары көптөгөн проблемаларды чечүүдө ЕККУ көрсөтүп жаткан алсыздык биздин колубуздагы курал» дегенди түшүндүрөт. Анткени уюм постсоветтик өлкөлөрдү бир катар маселелер боюнча айыптап, кол астында кармап келет. Президенттердин арызы "эми ушундай эле курал бизде да бар" дегенди билдириши керек. Канткен менен бул ортодогу мамилелерге анчалык деле таасир этпейт деп ойлойм, - деди «Саясий технологиялар борборунун» эксперти Сергей Михеев.
XS
SM
MD
LG