Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

ОРУСИЯДА БАНКТАРДЫН КРИЗИСИ БАШТАЛДЫ


Муса Мураталиев, Москва Аптанын орто ченинде Орусияда банктар кризиси башталды. Ал шаршембиде Содбизнесбанктын лицензиясы кайра чакырылып алынган сааттан башталды дешет. 7-июлда буга дейре өлкөнүн эң ири банктарынын бири болуп келаткан Гута-банкынын ишкердиги да токтоду. Кризистин залакасы банктарга акча сактаган тургундарга тийе баштаган. Өкмөт башчы Михаил Фрадковдун айтканына караганда, ири банктардын ыктыярдуу түрдө кошулуусу болуп атат, ошон үчүн муну кризис деш туура эмес. Сырттан көз салуучулар болсо азыркы кризистин чыгышын дал ошол өкмөттөн көрүшүүдө. Анын чала сабат жүргүзгөн ишинен улам болду дешүүдө.

Москвада бул апта ичи акчасын ала албай банктар эшигин сагалаган кишилер көбөйдү. Андай абал Гута-банк жабылгандан соң башталды. Ал банктын жетекчилери расмий билдирген маалыматка караганда июнь айында 10 миллиарддан ашуун рубль каражатын башка банктар чыгарып кетишкенде башталган.

Банкротко учурачу Гута-банктын Санкт-Петербург, Нижний Новгород жана башка калаалардагы бөлүмдөрү ишин жыйыштырган. Маселен, анын Екатеринбургдагы бөлүгүнө аманатын сактаган аял мындай дейт:

- Күйөөм экөөбүз отпускага чыккан элек. Акчабызды акырына дейре ала элек болучубуз. Натыйжада акчасыз калдык.

Орусия банктар кризисин 90-жылдардын башында бир өткөргөн. Ал жолу банктар кризиси бюжеттин көтөрүм болушунан, экономиканын кедеринен кетип, рублдин наркы бир төмөн, бир өйдө болушунан, Борбордук банктын казынасы куржалак калгандан улам пайда болгон. Азыр мунун тескерисинче, Орусия өкмөтү банктарга реформа жүргүзүү максатында өзү уюштурган деп айтылууда.

Орусия финансы корпорациясынын президенти Андрей Нечаев мындай жорук бийликтин иштин көзүн билбегенден улам болду дейт:

- Биздин бийлик куду ашканага кирип алган пил идиш-аякты кыйраткандай иш кылды.

Президенттин экономика боюнча кеңешчиси Андрей Илларионов да ушундай пикирде. Ал бейшемби күнү:

- 2004-жылдагы июлдагы банктар кризиси ар бир эле экономикалык кризис сыяктуу – бийликтин, анын финансы боюнча чалгындоо органдарынан тартып, өзүнүн чабал аракет жасоосунун натыйжасы, - деп айтты.

Бейшемби күнү Михаил Фрадков журналисттерге жасаган билдирүүсүндө:

- Банктык тейлөө чөйрөсүндө атаандаштык, ошондой эле адистештирүү калыбын сактоо жолу менен алардын бири-бирине кошулуп ирденүүсүн (бийлик – ММ) колдойт, - деди.

Андан аркы кебинде премьер-министр банктар чөйрөсүндө абалды «кыйла жакшы» деп баалады.

Мамлекеттик думанын депутаттары алдында сүйлөгөн Борбордук банктын жетекчиси Сергей Игнатьев буга дейре коомчулук улам айтып келе жаткан жыйырмага чукул банктын жоюлушу тууралуу жана ал банктар кайсылар экенин көргөзгөн тизме бар экенин ырастады:

- Андай тизмеден үчөө бар. Аны кокусунан түзүлгөн дешет, бирок албете, ал андай эмес.

Азырынча даана болгону Гута-банк Тышкы соода банкына кошулмак болду. Буга дейре Содбизнесбанк, Кредиттраст, Диалог-Оптима банктар да ал сыяктуу банкротко учураган болчу.

XS
SM
MD
LG