Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:30

ООГАНСТАНДА ШАЙЛОО ОКТЯБРДА БОЛОТ


Ооганстанда президенттик шайлоо сентябрда эмес, 9-октябрда болот. Ал эми парламент эмдиги жылы апрелде же майда шайланат. Бул тууралуу өкмөттүк телеканалда чыгып сүйлөп, борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Заким Шах билдирди.

БУУнун Бонндогу конференциясында кабыл алынган чечимге ылайык, ооган калкы өлкөнүн президенти менен парламентин быйыл июнда шайламак. Бирок жеткилең коопсуздук шарты камсыз болбогондуктан, жалпы элдик шайлоону быйыл сентябрга которушкан эле. Кыстаган шарт бул чечимге да түзөтүү киргизгенге аргасыз кылды. БУУнун миссиясы Кабул өкмөтү менен кеңешип көрүп, президенттик шайлоону сентябрдан октябрдын тогузуна которууну, ал эми парламентти келерки жылы апрелде же майда шайлоону туура деп табышты.

Азыркы президент Хамид Карзай эл өкүлдөр курултайында 2001-жылы декабрда шайланган. Бирок ал утурумдук президент деп аталат. Октябрдагы шайлоодо элдин колдоосуна алган кандидат гана толук кемелде легитимдүү президент болмокчу. Бу кызматка талапкер болуп 14 киши катталды, алардын ичинде бир аял да бар. Жаңы президентке мандат бере турган жалпы он миллионго чукул шайлоочулардын азырынча тең жарымынан биртке ашыгыраагы гана катталды. Буга талиптер менен “ал-каидачылардын” отряддары чоң тоскоолдук келтирип жатат. Мындан тышкары таасирдүү корбашылар Кабул бийлигинин амирин али толук тааныша элек. Бул үчүн алар өз лашкерлерин же таркатууга тийиш, же болбосо борбордук өкмөттүн буйругу менен гана иштеши керек. Корбашылар болсо буга макул эмес.

Шайлоокомдун башчысы Заким Шах эл аралык коомчулукка кайрылып, өлкөдө тарапкерлер менен шайлоочулар үчүн коопсуз кырдаал түзүүгө чакырды. Мунсуз өлкөдө эч кандай эркин жана адилет шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес. Ушул жүйөөдөн улам мурда белгилеген пландарды өзгөрткөнгө туура келип отурат, деп белгиледи ал.

Жетишилген бу макулдашууну БУУнун баш катчысы Кофи Аннан кубаттады. Анын соңунан АКШ өкмөтү колдоо билдирди. Кошмо Штаттары бу чечимди кубаттайт, деп айтты мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучер. Кечигип өткөрүлгөн күндө да бул шайлоо өнөктүктөрү конституциялык өкүлчүлүктүү бийликке өтүүдө Ооганстан үчүн маанилүү кадам жана мамлекеттин негизин түптөгөн башкы база болот.

Ооганстанда ушу тапта АКШ менен анын союздаштарынын 20 миң аскери, мындан тышкары өлкөнүн түштүк-батыш вилайеттеринде НАТОнун 6,5 миңдей контингенти бар. Альянстын Стамбулда өткөн саммитинде эл аралык коопсуздук күчтөрүн он миң жоокерге жеткирүү жөнүндө чечим кабыл алынган эле.

XS
SM
MD
LG